КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
2024-жыл 29-марты №01-5/202
“
“Жаштар борборунун имаратын курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Тургенева көчөсүндөгү эс алуу багына тиешелүү болгон бош жерден Жаштар борборуна имарат курууга социалдык объект катары 2400м2 жер тилкесин ажыратып берүүгө жазган Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат
- Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.
- Кочкор-Ата шаарынын Тургенева көчөсүнүн «Нефтчи» спорт залы менен № 14 И.М.Губкин атындагы орто мектебинин ортосундагы эс алуу багына тиешелүү жерден социалдык объект катары Жаштар борборуна имарат курууга 2400м2 жер тилкеси мөөнөтсүз ажыратылып берилсин.
- Тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү Ноокен райондук шаар куруу жана Архитектура Башкармалыгынан жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык мэрияга жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана коммуникация боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А. Абдуразаков |