Редакцияот 26.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төш-Булак айыл кеңешинин сессиясы

 

2023-жылы 26-сентябры  № 28-25/22

Төш-Булак айыл аймагы менен Асылбаш жана Крупская атындагы айыл аймактары менен бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз  Республикасынын Административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагы – Асылбаш айыл аймагы жана Крупская атындагы айыл аймагын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2.              Бириккен айыл аймак “Сары-Өзөн” айыл аймагы деп аталсын.

3.              Бириккен Төш-Булак, Асылбаш, Крупская атындагы аймактарынын борбору Сокулук  айылында жайгашсын.

4.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 Төрага

Ш.О. Джолдошев