ТОШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төш-Булак айыл кеңешинин сессиясы
2023-жылы 10-октябры № 28-26-23
Жергиликтүү курултайды чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана “Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө” ЖОБОнун негизинде:
1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоого жергиликтүү курултайды өткөрүү үчүн уюштуруу комитетинин курамы төмөндөгүдөй бекитилсин :
Джолдошев Шайлоо Олжобаевич – айылдык Кеңештин депутаты
Джунушева Салкын Бейшенбековна– айылдык Кеңештин депутаты
Сыдыгалиева Назира Зарлыковна – айыл өкмөттүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси
Солтонбеков Нурланбек Апудаевич – айылдык Кеңештин депутаты
Изатбеков Арген Азаматович– айылдык Кеңештин депутаты
Талипов Руслан Өмүрбекович – айыл башчы
Маматов Самат Алышбекович – айылдык Кеңештин депутаты
Буйтукова Эльмира Жакашовна – айылдык Кеңештин депутаты
Бучкакбек уулу Асылмырза – айылдык Кеңештин депутаты
Джумаева Аида Зулумбаевна – айылдык Кеңештин депутаты
Ельбалдиева Элина Юсеновна – киреше боюнча башкы адис
2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Төш-Булак айыл аймагынын жергиликтүү курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети бекитилген планга ылайык иш алып барсын.
4. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев уюштуруу комитетинин жумушун уюштурууга ар-кандай көмөк көрсөтсүн.
5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Ш.О. Джолдошев |