Редакцияот 28.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз 11 - сессиясы

2023-жылдын 28-августу № 34

Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчигинде турган кырмандын ижара акысын бекитүү

   Кожояр айылынын тургуну  Малабеков Кубан Ашыракуновичтин арызы боюнча   карап  талкуулап  чыгып, Семенов айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

1.  Семеновка  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчигинде  турган кырманды   Кожояр айылынын тургуну Малабеков Кубан Ашыракуновичке ижарага  мыйзам чегинде берилсин.

2.  Муниципалдык менчикте турган кырманды  5 (беш) жылдык мөөнөткө  2023-жылдан 2028-жылга чейин ижарага берилсин.

3.  Муниципалдык менчикте турган кырмандын ижара акысы бир жылга  80 000 (сексен )  миӊ сом деп бекитилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылыш жагын Семеновка  айыл аймагынын башчысы    Б.К.Момбековго милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын Семенов айыл аймагынын айылдык кеңешинин  №1 туруктуу комиссиясынын  жер,агрардык реформа, ɵнɵр жай курулуш жана архитектура,транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча  жана кайра иштетүү,экология, ɵзгɵчɵ  кырдаал,жайыт маселеси боюнча комиссиясынын тɵрагасы К.Ботбаевге  жүктɵлсүн.

6.  Токтом массалык-маалымат каражаттарына  жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрайым

А.С.Бараканова