Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 14 - сессиясы

2023-жылдын 2-октябры №36

Семеновка айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" № 215 Жарлыгы менен дайындалган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап, талкуулап чыгып Семеновка айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Семеновка айыл аймагынын жергиликтүү курултайы 2023 - жылдын 18-ноябрында саат 11-00 гө чакырылсын.

 

2. Семеновка айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 адамдан бекитилсин (тиркеме 1)

 

3. Семеновка айыл аймагынан жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарына катышуучу өкүлдөрдүн саны калктын санына ылайык 50 делегаттан турары белгиленсин. (тиркеме 2)

 

4. Семеновка айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жепгиликтүү жамааттардын жыйындарын, жыйналыштарын өткөрүү 2023-жылдын 16 -октябрынан 23-октябрына чейин белгиленсин. (Тиркеме 3)

 

5. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү Курултайды өткөрүү 2023-жылдын 18-ноябры деп белгиленсин. (тиркеме 4).

 

6. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеӊештин депутаттарына, айыл башчыларга жана жумушчу топко жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.

 

7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

8. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Семеновка айылдык кеӊешинин жаштар иштери,спорт жана маданият,депутаттык этика,уюштуруу иштери,жалпыга маалымдоо каражаттары,регламент боюнча №4 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

А.С.Бараканова