Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 27-ноябры № 621

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Т.Шакиев, У.Б.Примов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 621 тескемеси менен жактырылган

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Т.Шакиев, У.Б.Примов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик символдорунун бири - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун өркүндөтүү максатында иштелип чыккандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкү сунуштарды эске алуу менен аны жалпысынан кабыл алууну колдойт.

Алсак, Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусундагы нурлардын толкун сымал формасын күндүн нурларын так элестеткен формага өзгөртүү каралган.

Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунун расмий тилдеги текстинде туунун энинин жана узундугунун өлчөмдөрүнүн катышы жөнүндө маалымат жок экендигин белгилейбиз.

Мыйзамдын долбоорунун тексти боюнча туунун схемалык сүрөтү менен эсептөөлөрдө дал келбөөчүлүк бар: Мыйзамдын долбоорунун сунушталган редакциясында "Түндүктүн радиусу туунун энинин алтысынын бирин түзөт", бул туунун 1500 энинде - радиусу энинин алтыдан бир бөлүгүн 1500:6 = 250 түзөт дегенди билдирет, демек диаметри 500 болушу керек, ал эми схемада диаметри 430 деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле сунушталган редакцияда "Нурлуу алкактын сырткы радиусу нурлуу алкактын ички радиусу менен түндүктүн ички айланасынын радиусунун суммасына барабар. Нурлуу алкактын ички радиусу туунун энинин беш жарым бөлүгү менен түндүктүн борборунун аралыгынын эки эселенген суммасына барабар" деп белгиленген.

Эсептөө төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

нурлуу алкактын ички радиусу:

(1500 : 5,5 + 250) х 2 = 1045,45

нурлуу алкактын тышкы эсептелген радиусу:

1045,45 + 250 = 1295,45

эсептелген диаметри:

1295,45 x 2 = 2590,9

Схемалык сүрөттө нурлуу алкактын сырткы диаметри - 950, эсептелген диаметри туунун энинен да ашат.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана туунун схемалык сүрөтүндө бардык өлчөмдөрдү көрсөтүү сунушталат.

Мындан тышкары өткөөл жоболорду белгилөө максатында (укук колдонуу практикасында коллизиялардын пайда болушуна жол бербөө үчүн) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын төмөнкүдөй мазмундагы 9-2-статья менен толуктоону сунуштайбыз:

"9-2-статья.

1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.

Алардын жарактуулук мөөнөтү жок болгон учурда 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн документтердин бардык түрлөрү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору (Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттор жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттор), 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.

Автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери, ошондой эле 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөр тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.".

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкаты, анын ичинде коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатын жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар менен толуктоо зарыл.

Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндө бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирерин белгилөө сунушталат.

Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.

Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар, анын ичинде ушул Мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар жана каржылоо булактары боюнча маалыматтар менен толуктоо зарыл.