Редакцияот 02.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 14 - сессиясы

2023-жылдын 2-октябры №37

Семеновка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору менен бекитүү жөнүндө

“Бюджет,финансы, экономика,инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдулук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын сентябрь айынын  жыйырма алтысы №5  чечимин карап талкуулап чыгып, Семенов айылдык кеңеши токтом кылат:

 

    1.Семеновка айыл айыл өкмөтүнүн бюджетине төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр кирсин: Айыл өкмөтүнө жер салыгы үчүн келген максаттуу трансферттен түшкөн акча каражаттан, Арис программасынын негизинде Семеновка айылына мөмө-жемиш сактоочу жай салууга проект менен смета (ПСД) жасатуу үчүн аппарат бөлүмүнүн   2215 -элементине   300,0 сом коюлсун.

  2.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Момбековго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысыны Н.А.Амановнага милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет,финансы,экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

А.С.Бараканова