СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 14 - сессиясы
2023-жылдын 2-октябры №38
Семеновка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине республикадан жер салыгы үчүн келип түшкөн 1414 ,3 миң сомду бөлүү
“Бюджет,финансы, экономика,инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдулук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын сентябрь айынын жыйырма биринин №6 чечимин карап талкуулап чыгып, Семенов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Республикадан каралган максаттуу трансферт төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн: Колесников мектебине сигнализация орнотууга 419,9 миң сом, Колесников, Кожояр орто мектебине жана эки балдар бакчасына генераторго 200,0 миң сом, мектептерге 71, 0 миң сомго топ, ЖКХга труба алганга 111,9 миң сом, айыл өкмөтүнүн тиричилик каражатына 30,0 миң сом, социалдык коргоо бөлүмүнө 18,5 миң сом жана Погрузчик техникасынын биринчи төлөмүнө 73, 0 миң сом акча каражат каралсын.
2.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Момбековго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысыны Н.А.Амановнага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет,финансы,экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А.С.Бараканова |