Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 21-ноябры № 713-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:

1. 2023-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 713-т тескемеси менен жактырылган

2023-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

2023-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылган.

Макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн Куралдуу Күчтөрдүн потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары билим берүү долбоорлоруна, кыска мөөнөттүү курстарга, окууларга, машыгууларга, жана мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана объекттерди куруу жана катар тараптан акысыз аскердик-техникалык жардам берүү боюнча долбоорлор демилгелениши мүмкүн.

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.

Бул Макулдашууну ратификациялоонун жыйынтыгы боюнча иш-чаралар катар тарап менен макулдашууга жетишилет, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тиешелүү жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын алкагында ишке ашырылат жана финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.