Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-январы № 1807-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-январындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана жоюу эрежелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу";
"2023-жылдын 7-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу";
"2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун № 190 конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы - Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2023-жылдын 16-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы - Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору" долбоору боюнча берилүүчү Акционерлердин атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу";
"2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү максатында кызматташуу фондунан берилүүчү насыя боюнча Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну жана 2023-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын функционалдык жакшыртуу" боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кореянын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Насыялык макулдашууну (EDCF атынан Өкмөттүк агенттик) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу";
"2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катты (Гранттык макулдашуу) (Камбарата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган судьянын талапкерлиги жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.
Төрага |
| Н.Шакиев |