Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 684
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Инженердик технологиялардын комплекси" мамлекеттик ишканасына кайра атоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Инженердик технологиялардын комплекси" мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Инженердик технологиялардын комплекси" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жогоруда аталган ишкананын ишин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ишке ашырат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
- Жобонун 1-тиркемесинде:
25-пунктта "Кыргыз аскердик технологиялар" деген сөздөр "Инженердик технологиялардын комплекси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына караштуу "Кыргыз аскердик технологиялар" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-4, 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |