АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын III сессиясы
2024-жыл 5-апрели №4
“Абды Суеркулов айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын бириккенден кийинки толуктоолору менен бекитүү жөнүндө”
Абды Суеркулов айылдык кенешинин туруктуу комиссияларын бириккенден кийинки толуктоолору менен бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын III сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айылдык кенешинин туруктуу комиссиялары бириккенден кийинки толуктоолору менен бекитилсин.
· Экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана анын курамына- Р.Тилекматов, Ж.Исаков, У.Бучуков, Ш.Мукушов, Г.Куттубаева, Б.Жекшембиев, Ж.Тилеген уулу, Г.Мамытбековалар бекитилсин;
· Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, дин иштери жана жаштар саясаты боюнча комиссиясы жана анын курамына Р.Аскарбеков, Р.Ажыкулова, Д.Мырзабеков, А.Абазова, Н.Касымбаева, Ж.Мадиярова, А.Талантбек кызы бекитилсин;
· Айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясын жана анын курамына У.Токтоказиев, У.Тиленбаев, Т.Малабеков, И.Өмүркулов, И.Чыйрымбаев, З.Стамкулова, П.Бадыров, К.Аалиев, Р.Тойчубеков бекитилсин;
· Мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана анын курамына – Э.Станбекова, Н.Асанов, Т.Мадияр кызы, Э.Мусабаева, А.Орозбаев, А.Асанов, Ж.Шарипова бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.torken.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |