АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын III сессиясы
2024-жыл 5-апрели №6
“Абды Суеркулов айыл аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жөнүндө”
Абды Суеркулов айыл аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын III сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин айрым беренелери башка беренелерге тиркемеге ылайык жылдырылсын. Тиркеме тиркелет.
2. Сары-Сөгөт айылынын тургуну апрель окуясынын катышуучусу, көзүнөн ок жеген Жангазиев Эрланга дарыланып келүү үчүн 2721 беренесиндеги каралган соцкамсыздандыруудан 15,0миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Абды Суеркулов айыл аймагындагы бюджеттик мекемелердин имаратын милдеттүү камсыздандырууга акысын төлөп берүүгө 2215 беренесиндеги “долбоорлорго” каралган каражаттан 57500сом бөлүнүп берилсин.
Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.torken.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |
| Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын III сессиясынын 5-апрель 2024-жылдагы №6-токтомуна тиркеме |
Абды Суеркулов айыл аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин башка беренелерге жылдыруу
№ | Жергиликтүү бюджеттен жылдырылуучу жумуш, кызмат, сатылып алынуучу товарларга каралган аталыштары | Беренеси | Суммасы, миң сом | Жылдыры ла турган беренеси |
| Аппарат |
|
|
|
1. | Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылына бөлүнгөн 2215 беренесиндеги “Кара-Жыгач айылындагы борцовый залынынын өздүк салымына” | 2215 | 130,0 | 2222 |
2. | Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Бел-Алды, Сары-Сөгөт жана Коргон айылдарына “жаштарга, аялдар комитетинин иш чараларына” | 2215 | 150,0 | 2721 |
3. | “2023-жылдын жыл жыйынтыгына” | 2215 | 60,0 | 2721 |
4. | “Коргон айылынын ФАПына” | 2215 | 5,5 | 2214 |
5. | “Орто-Арык каналын тазалоого” | 2215 | 32,0 | 2214 |
6. | “Орто-Жон жайытына жол салууга” | 2215 | 40,0 | 2214 |
7. | Тегерек участогуна транспорт каттоочу жол салууга” | 2215 | 40,0 | 2214 |
8. | “Чон-Орто-Жон жайытына жол салууга” | 2215 | 40,0 | 2214 |
9. | “Тамчы-Жарга карьерге жол салууга” | 2215 | 35,0 | 2214 |
10. | “Жаны айылга кенейтип жол салууга” | 2215 | 30,0 | 2214 |
11. | ”Абылгазы, Талипжан көчөлөрүн байланыштырууга” | 2215 | 35,0 | 2214 |
12. | “Орто-Жонго байланыш антеннасын жылдырууга” | 2215 | 30,0 | 2214 |
13. | “Чон-Арык каналына ремонт иштерин жүргүзүүгө” | 2215 | 53,0 | 2222 |
14. | “Кара-Жүрөк, Кашка-Суу жайлоолоруна жол салууга” | 2215 | 35,0 | 2222 |
15. | “Кызыл-Жар көпүрөсүн ондоого” | 2215 | 79,1 м.и. 15,0 64,1 |
2214 2222 |
16. | “Коргон айылына 2024-жылга аткарылуучу иш аракеттери үчүн” | 2215 | 95,2 | 2222 |
17. | “Кенешке канцтоварга” | 2215 | 25,0 | 2222 |
18. | “ГСВ №9га принтер сатып алуу” | 2222 | 35,0 | 3112 |
19. | “Орозбай, Тыныстан көчөсүнө мал өтүүчү көпүрө салууга” | 3111 | 102,7 м.и 87,7 15,0 |
2222 2214 |
20. | “Төрөгул көчөсүнө мал өтүүчү көпүрө салууга | 3111 | 55,5 м.и 15,0 40,5 |
2214 2222 |
| Мектеп |
|
|
|
21. | М.Жамырканов мектебине 2023-2024-окуу жылында керектүү чарба буюмдары | 2215 | 79,9 | 2222 |