Редакцияот 5.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын III сессиясы

 

2024-жыл 5-апрели №7

 

“Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын тургундарына жеке ишкердике жана жерин жайыттан көп жылдык бак тигүүгө трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндө”

            Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын тургундарына жеке ишкердике жана жерин жайыттан көп жылдык бак тигүүгө трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын III сессиясы токтом кылат:

 

 

1.    Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын тургуну Казаков Руслан Кудайбергеновичке Арал участогунан балык чарбасын уюштуруп жеке ишкердик кылууга макулдук берилсин.

 

2.    Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын тургуну Аскарбеков Расулга Төрткүл участкасынан жайыт жеринен көп жылдык бак тигүүгө 4га жер аянтын трансформацияга которууга макулдук берилсин.

 

3.    Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.torken.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

 

 

Төрага:

 

И.Өмүрбеков