ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЧОҢ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Чоң-Кемин айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 22- февралы № 3
Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагынын Чоң-Кемин айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Чоң-Кемин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чүй облусунун, Кемин районунун, Чоң-Кемин айыл аймагынын «Чоң-Кемин айылдык кеңеши» жана Чүй облусунун Кемин районунун Кɵк-Ойрок айыл аймагынын «Кɵк-Ойрок айылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен « Чоң-Кемин айыл аймагынын Чоң-Кемин айылдык кеңеши» мекемеси түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде – Чүй облусунун Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагынын “ Чоң-Кемин айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилде Учреждение «Айылный кенеш Чон-Кемин» Чон-Кеминского айылного аймака Кеминского района Чуйской области.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кемин району, Шабдан айылы, Данияров көчөсү № 57
2. « Чоң-Кемин айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. « Чоң-Кемин айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кемин району, Шабдан айылы, Данияров көчөсү № 57 болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Ш.Шейшенбеков |