Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
2023-жылдын 27- февралы № 58
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент жайыт комитетинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери, 2023-жылдын иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекмирзаевтин Бешкент жайыт комитетинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери, 2023-жылдын иш планы жана бюджети боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Бешкент жайыт комитетинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Бешкент айыл өкмөтү менен Бешкент жайыт комитетинин ортосунда 2023-жылга карата түзүлгөн 747400 (жети жүз кырк жети миң төрт жүз) сомдук келишими жактырылсын.
3. Жайыт акы чогултуудан түшкөн 597400 (беш жүз токсон жети миң төрт жүз) сом акча каражатынын 3/1 бөлүгү 199100 (бир жүз токсон тогуз миң жүз ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын. Калган 3/2 бөлүгү 398300 (үч жүз токсон сегиз миң үч жүз) сом акча каражатын жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
4. Техника пайдалануудан чогултулган 150000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Ж.Х.Аслонов |