Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

2023-жылдын 27- февралы № 59

Бешкент айыл өкмөтүнүн өзгөчө макам ат алган Эчкиоочу айылыны салыктардан бошотуу жөнүндө

 Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 10-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселерди карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Салыктардан бошотуу жөнүндө” жаңы Салык кодексинин 412-беренесинин негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Бешкент айыл өкмөтүнун өзгөчө макам ат алган Эскиоочу айылы боюнча жаңы Салык кодексинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жөнүндө” 412-беренесинин негизинде төмөнкү салыктардан бошотулсун.

В) Ушул кодекстин 183-беренесинде белгиленген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө кирген ишканалар үчүн имараттарга, курулмаларга жана жайларга мүлк салыгын жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын төлөөдөн,

Г) Чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана ишин жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр үчүн жер участокторуна болгон 57600(элүү жети миң алты жүз) сом жана турак эмес имараттарга жана курулмаларга жана жайларга мүлк салыгын төлөөдөн толук бошотулсун.

2023-жылга Кыймылсыз мүлк салыгы 75600 (жетимиш беш миң алты жүз), айыл чарбага арналбаган жер салыгы 98500 (токсон сегиз миң беш жүз) сомго бекитилсин.

 

2.  Токтомдун аткарылышы Бешкент айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу К.А.Алимбековго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын

орун басары

 

Ж.Х.Аслонов