КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVI сессиясы
2023-жылдын 17-мартындагы № 17
Тогуз-Торо райондук ветеринардык башкармалыгынын “Ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча түзүлгөн прейскурантын” бекитүү
Каргалык айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Тогуз-Торо райондук ветеринардык башкармалыгынын “Ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча түзүлгөн прейскуранты” алымча-кошумчасы менен бекитилип берилсин.
2. Жогорудагы бекитилген прейскуранттын негизинде иш алып баруу Тогуз-Торо райондук ветеринардык башкармалыгына тапшырылсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-
сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| Т.И.Токтоболотов |
“МАКУЛДАШЫЛДЫ” |
| “БЕКИТЕМ” |
Тогуз-Торо райондук ветеринардык Ассоциациясынын төрагасы _________________Д.Э.Дердеев “____”_______________2023-ж |
| Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы _________________Т.И.Токтоболотов Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХVI сессиясынын № 17 токтомуна тиркеме 17- март 2023-жыл |
Тогуз-Торо айыл аймагындагы жеке ветеринардык кызматтын, мал ылаңдарына каршы эмдөө жана дарылоодо акы алып кызмат көрсөтүүдөгү түзүлгөн
ПРЕЙСКУРАНТЫ
К/р № |
Ветеринардык кызматтардын түрү | Кызматтын баасы (1 баш), (сом) |
I | Айыл-чарба малдарына, тоок, аары челеке ветеринардык күбөлүк берүү 1 башка. | |
1. | Жылкы, ири мүйүздүү мал. | 50 |
2. | Майда мүйүздүү мал, чочко ит, мышык. | 20 |
3. | Тоок | 10 |
4. | Аары челек | 30 |
II | Айыл-чарба малдарын союу алдында кароо жүргүзүү | |
1. | Жылкы, ири мүйүздүү мал. | 50 |
2. | Майда мүйүздүү мал, чочко ит, мышык. | 20 |
3. | Тоок | 10 |
III | Малдарга ветеринардык-санитардык эрежелерди сактоо жана багуу баюнча кеңеш берүү
| |
1. | Жылкы, ири мүйүздүү мал | 20 |
2. | Майда мүйүздүү мал, чочко ит, мышык | 10 |
3. | Тоок | 10 |
4. | Аары | 10 |
IV | Диогностикалык текшерүү учун ветеринардык иш чаралар | |
1. | Серологиялык изилдөө үчүн кан үлгүлөрүн алуу. ИММ, жылкы,чочко жана ит. | 20 |
2. | Серологиялык изилдөө үчүн кан үлгүлөрүн алуу. Майда мүйүздүү мал, канаттуу. | 10 |
3. | Капрологиялык изилдөө учун үлгү алуу | 20 |
4. | Ректалдык текшерүү | 200 |
5. | Карынга зонд салуу | 200 |
6. | Өлгөн малга патолого-анатомиялык экспертиза өткөрүү менен корутунду берүү | 200 |
V | Дарылоо процедуралары. |
|
1. | Дары куюу (тери астына, булчун этке) ИММ, жылкы | 40 |
2. | Майда мүйүздүү мал | 20 |
3. | Венага куюу Внутривенное введение | 100 |
4. | Ооз аркылуу берүү (перос) | 10 |
5. | Новокаин блокадасы. | 120 |
6. | Магниттик зондду салуу | 150 |
7. | Түз ичегиге салуу | 120 |
8. | Ингаляция. | 120 |
9. | Ысытма компресс коюу | 50 |
10. | Тоокторго дары куюу. (тери астына, булчун этине). | 10 |
11. | Инвазияга каршы залалсыздандыруу (дегельминтизация). | 5 |
12. | Сугаруу менен эмдөө (канаттуу) | 3 |
13. | Жууттан өткөрүү (Купка) жаз, куз | 20 |
VI | Хирургия. |
|
1. | Жараны дарылоо. | 50 |
2. | Абсцесс жана флегмонаны дарылоо. | 150 |
3. | Туюк шишиктерди алып салуу. | 200 |
4. | Жараттарды тигүү. | 200 |
5. | Иттердин куйруктарын ампутациялоо. | 100 |
6. | Козулардын куйруктарын ампутациялоо. | 10 |
7. | Көкүрөк жана курсак көңдөйлөрдү тешүү(Сары суусун алуу). | 150 |
8. | Кылкыйма, ууру тиштерин жулуу. | 100 |
9. | Туяк жана тырмактарды тазалап, кесүү. | 120 |
10. | Табарсыка катетр салуу. | 150 |
11. | Карынды тешүү. | 150 |
12. | Карынга операция жасоо. | 1000 |
13. | Чуркуга (грыжага) операция жасоо. | 1000 |
14. | Иттердин бешинчи бармагын ампутациялоо. | 100 |
15. | Ачык сынык жана чыккан буттарды оперативдүү дарылоо. | 200 |
16. | Ири эркек жаныбарларды ачык бычуу. | 500 |
17. | Майда эркек жаныбарларды жабык бычуу. | 20 |
18. | Майда эркек жаныбарларды ачык бычуу. | 30 |
19. | Ургаачы жаныбарларды бычуу. (Чочко, ит, мышык) | 200 |
20. | Иттерге косметикалык операция жасоо. | 100 |
VII | Акушерство жана гинекология. |
|
1. | Жасалма уруктандыруу ири жаныбарларга. (Уругу менен | 1500 |
2. | Туутка жардам берүү. | 1000 |
3. | Кесерово жасоо. | 1700 |
4. | Төлдүн тонун алуу. | 500 |
5. | Парезди дарылоо. | 200 |
6. | Жатынды оңдоп салуу. | 500 |
VIII | Вакцинанын баасын кошпогондо эмдөө |
|
1. | ИММ, жылкы. | 40 |
2. | Майда мүйүздүү мал. | 20 |
3. | Ит, мышыктар. | 20 |
4. | Канаттуулар. | 15 |
IX | Идентификациялоо ИММ, жылкы. |
|
1. | ИММ биркалоо. | 39 |
2. | ИММ бирка баасы. | 31 |
3. | Жылкыга чип басуу. | 70 |
4. | Жылкынын чип баасы. | 80 |