Загрузка документа…
|
|
|
|
| Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышындагы 13-сессиясынын 2022-жылдын 23- cентябрь № 14 токтому менен бекитилген |
“Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңеши” мекемесинин
РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы Жобо
2. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелер:
3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары
6. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары
7. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
10. Жергиликтүү кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
11. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясы
12. Сессияга төрагалык кылуучу
13. Жергиликтүү кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
14. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
15. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
16. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы
1. Жалпы жоболор
1.1 Айылдык аймактын, шаардын жергиликтүү кеңеши (мындан ары – жергиликтүү кеңеш) – мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Сессиянын, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.3. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.4. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.
1.5. Жергиликтүү кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Жергиликтүү кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелер:
2.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) кеңештин регламентин кабыл алуу;
10) жергиликтүү кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
11) жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
18) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
19) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
21) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
22) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
24) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
25) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
26) жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;
27) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
28) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
29) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
30) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу;
31) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
32) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
3.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
– депутаттык фракцияга;
– саны 5 депутаттан кем эмес депутаттык топко.
Ар бир депутаттык фракция же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
3.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага____мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн___ мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн ___мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн ____мүнөткө чейин убакыт берилет.
3.7. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.9. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
– бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
– эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
– эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
3.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жергиликтүү кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:
4.1.1. жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
4.1.2. жергиликтүү кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
4.1.3. жергиликтүү кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
4.1.4. жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
4.1.5. жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
4.1.6. жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
4.1.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
4.1.8. катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
4.1.9. жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
4.1.10. депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
4.1.11. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
4.1.12. мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе жергиликтүү кеңештин атынан чыгат;
4.1.13. жергиликтүү кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
4.1.14. жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
4.1.15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
4.1.16. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын _ орун басары болот.
5.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
5.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары:
5.4.1. жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
5.4.2. жергиликтүү кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларын алып барат;
5.4.3. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
5.4.4. жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
5.4.5. аймакта (шаарда) жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
5.4.6. жергиликтүү кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
5.4.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
5.4.8. ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.
6. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары
6.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
6.2. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлөт.
6.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
6.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санынан: ____ кем болбоого жана ____ көп болбоого тийиш.
6.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат.
6.6. Жергиликтүү кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат (Өзгөчө учурларда 11 депутат курамындагы жергиликтүү кеңештер депутаттардын эки туруктуу комиссияга мүчө болуу укугу жөнүндө чечимди кабыл алышы мүмкүн).
6.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
6.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары жергиликтүү кеңештин сессияларында бекитилет.
6.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
6.10. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришет.
6.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, жергиликтүү кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
(Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
– регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;
– жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча;
– бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
– мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;
– жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча.).
7. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
7.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
7.1.1. иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет;
7.1.2. кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
7.1.3. жергиликтүү кеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
7.1.4. өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
7.1.5. жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
7.1.6. өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
7.1.7. жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
7.1.8. каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту жергиликтүү кеңештин төрагасына киргизет;
7.1.9. башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
7.1.10. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
7.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
7.2.1. өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
7.2.2. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
7.2.3. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
7.2.4. туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
7.2.5. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
7.2.6. башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
7.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
8. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
8.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
8.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
8.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
8.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
8.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, жергиликтүү кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
8.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.
8.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
8.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
8.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
8.10. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органдарына жүктөлөт.
9. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
9.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
9.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
9.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
9.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төөрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
10. Жергиликтүү кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
10.1. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
10.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин дептуттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
10.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин ____мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу ____ мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде ___мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
10.4. Жергиликтүү кеңештин сессиясын жергиликтүү кеңештин төрагасы чакырат:
10.4.1. өзүнүн демилгеси боюнча;
10.4.2. жергиликтүү кеңештин дептуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
10.4.3. аткаруу органынын башчысынын – айыл өкмөтүнүн башчысынын, мэрдин сунушу боюнча;
10.4.4. жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин сунушу боюнча.
10.5. Жергиликтүү кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу жергиликтүү кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
10.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергилктүү коомдоштук мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
10.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, жергиликтүү кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
10.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
10.9. Жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же жергиликтүү кеңештин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
10.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер жергиликтүү кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат жергиликтүү кеңештин төрагасына жергиликтүү кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
10.11. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата жергиликтүү кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
11. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясы
11.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
11.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, аткаруу органынын башчысынын же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө жергиликтүү кеңештин төрагасына берилет.
11.3. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешти депутаттарына жөнөтүлөт.
11.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
11.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
11.6. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
11.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
11.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын ____ календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
11.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
12. Сессияга төрагалык кылуучу
12.1. Жергиликтүү кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары болот.
12.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
12.2.1. жергиликтүү кеңештин сессиясын алып барууга;
12.2.2. маселелерди талкуулоого катышууга;
12.2.3. депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;
12.2.4. эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
12.2.5. чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
12.2.6. сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
12.2.7. ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
12.2.8. залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
12.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
12.3.1. ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
12.3.2. чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
12.3.3. сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
12.3.4. сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
12.3.5. келип түшкөн дептуттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
12.3.6. депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
12.3.7. сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
12.3.8. сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
12.3.9. сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
12.3.10. эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени жергиликтүү кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.
13. Жергиликтүү кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
13.1. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
13.1.1. жергиликтүү кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
13.1.2. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
13.1.3. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
13.1.4. токтомдордун долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
13.1.5. жергиликтүү кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
13.1.6. жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;
13.1.7. жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
13.1.8. жергиликтүү кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
13.1.9. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
13.1.10. жергиликтүү кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
13.1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
13.2. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
13.2.1. ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
13.2.2. регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
13.2.3. колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
13.2.4. сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
13.2.5. жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
13.2.6. чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
13.2.7. сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
13.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
13.4. Жергиликтүү кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
13.5. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
13.5.1. өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
13.5.2. жергиликтүү кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
13.5.3. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.
13.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар жергиликтүү кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.
13.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.
14. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
14.1. Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы, мыйзамдуулук, негиздүүлүк, максаттуулук, адилеттүүлүк, ачыктык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
14.2. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.
14.2.1. Жергиликтүү кеңештин токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын (шаардын) аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акты. Жергиликтүү кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.
14.2.2. Жергиликтүү кеңештин буйругу – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын (шаардын) аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт. Жергиликтүү кеңештин буйругу актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
14.2.3. Оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече буйрук формасында кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйруктары актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
14.3. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктары өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
14.4. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин токтомдору аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
14.5. Жергиликтүү кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
14.6. Жергиликтүү кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн жергиликтүү кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алат.
15. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
15.1. Жергиликтүү кеңештин катчысы (айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы) баяндамачы менен бирдикте жергиликтүү кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
15.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
15.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган жергиликтүү кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
15.4. Жергиликтүү кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
15.4.1. тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен жергиликтүү кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;
15.3.4.2. жергиликтүү кеңештин расмий веб-сайтында;
15.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
15.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
15.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
15.8. Жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ишке ашырат:
15.8.1. актынын түрүн көрсөтүү;
15.8.2. ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
15.8.3. кабыл алынган жери жана датасы;
15.8.4. каттоо номери.
15.9. Расмий жарыяланган күнү жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
15.10. Жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
16. Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы
16.1. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруучулук жактан шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, жергиликтүү кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы камсыз кылат.
16.2. Аппараттын жетекчиси / Жооптуу катчы жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Жергиликтүү кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
16.3. Аппараттын жетекчиси/Жоопту катчы жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
16.3.1. жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
16.3.2. жергиликтүү кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, жергиликтүү кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
16.3.3. жергиликтүү кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
16.3.4. жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
16.3.5. сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын маалымдайт;
16.3.6. жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын катоону ишке ашырат;
16.3.7. чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;
16.3.8. жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
16.3.9. жергиликтүү кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
16.3.10. расмий жарыялангандан кийин жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
16.3.11. жергиликтүү кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
16.3.12. туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
16.3.13. башка ченемдик укуктук актыларга, жергиликтүү кеңештин ушул Регламентине ылайык жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
16.4. Аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу аркылуу жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу органынын жооптуу катчысынын иш-милдеттери аппараттын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.