КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк – Ирим айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезекcиз XVII сессиясынын
2023-жылдын 11-мартындагы № 2
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө" №305 Жарлыгын Көк-Ирим айыл аймагында аткарууга алуу жөнүндө”
Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн методистти Г.Турдубаеванын “Улуттук тазалык жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө" №305 Жарлыгын аткарууга алуу үчүн түзгөн иш-планын жана маалыматын угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө" №305 Жарлыгынын 5-пункту аткарууга алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Э.Курманалиевке, айыл башчысы С.Мурзабековко төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-калкты тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен толук камтууну камсыз кылууга бааны белгилөөнү өркүндөтүүгө жана тарифтерди оптималдаштырууга, төлөм тартибин чыӊдоого багытталган санитардык тазалоо инфраструктурасын өнүктүрүү;
-катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүү;
-катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүү, жер адис тарабынан полигондорду документтештирүү;
-катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүү;
3. Көк-Ирим айыл айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелеринин (Жобосу) бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ”Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө ” № 305 Жарлыгы аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Р.Секелеӊовко милдеттендирилсин.
Көк – Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
| И.Ашырбеков |