Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-апрели № 161
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатацияоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын балансында турган, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан светофордук объекттер (мындан ары - объекттер) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте эки жумалык мөөнөттө инвентаризациялоону жүргүзсүн жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- өткөрүп берилүүчү объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана максаттуу багыты боюнча так пайдалануу;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик каттоону жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан өткөрүп берилүүчү объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 29 (3582) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |