МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-февралы № 1
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Мин-Булак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган №154-НИ “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү” буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Миң-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Миң-Булак айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгына оңдоо-түзөө иштерине өзгөртүү киргизүү боюнча материалдары бекитилсин.
2. Мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, агрардык жана жер маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Койчубаев |