МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-февралы № 3
Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы №4 мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
2. Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффициент 1,0 мүлк салыгы киргизилсин.
3. Салыктын коэффиценттерин көтөрүү маселесине тактоо жүргүзүү, салыктардын өз мөөнөтүндө жыйналышын камсыздоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага тапшырылсын.
Төрага |
| Т.Койчубаев |