БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кенешинин 12 кезектеги жыйыны 29 чакырылыш
2024-жылдын 15 февралындагы № 4
Сугат айдоо аянттарынан жаан-чачындуу айдоо жерлерине жер участокторунун максаттуу багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Байтик айылынын тургундары үлүш катары берилген №400 жана 454-контурлардагы жер тилкелерин сугат айдоо аянттарынан жаан-чачындуу айдоо жерлерине которуу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып, ошондой эле 1995-жылдын 2-апрелиндле жана 2023-жылдын 14-ноябрында «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн РВВХ, Байтик айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлгөн АКТ тардын негизинде Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1995-жылдын 2-апрелиндеги жана 2023-жылдын 14-ноябрындагы «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын, Аламүдүн РВВХ нин жана Байтик айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн Актыны эске алуу менен Байтик айылында жайгашкан № 400, 454 контурлардагы жер үлүштөрү катары жашоочуларга берилген сугат айдоо аянттарынан жаан-чачындуу айдоо жерлеринин максаттуу багытын которууга макулдук берилсин;
2. Байтик айыл өкмөтү жер тилкесинин максаттуу багытын сугат айдоо жеринен жаан-чачындуу айдоо аянтына которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч менен кайрылсын;
4. Бул токтом сайтка жарыяланып жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |