Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Байтик айылдык кенешинин 12 - кезектеги жыйыны 29 -чакырылыш

 

2024-жылдын 15 февралындагы № 8

 

Павильон коюу үчүн жер участогунун жеке менчик жер участогуна мечит куруу үчүн максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Боталиева Жылдыз Манасовнага Павильон коюу үчүн жер участогунун жеке менчик жер участогуна мечит куруу үчүн максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып, Байтик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Боталиева Жылдыз Манасовнанын Кыргыз мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркынын постунун жанында жайгашкан жалпы аянты 0,048 га павильон коюу үчүн жер участогунун жеке менчик жер участогуна Мечит куруу үчүн максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин;

2. Байтик айыл өкмөтү Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына жер тилкесинин максаттуу багытын өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылсын;

3. Бул токтомду интернет-сайтарга жарыялап жана юстиция органдарына тиешелүү тартипте каттоодон өткөрүлсүн;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Осмоналиев