Загрузка документа…
БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 15 февралындагы № 11
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023 – жылдын 29 – декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде админисративдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумагазиев К.С. нын “Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун шаарлардын жана айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик – аймактык реформа жүргүзүү боюнча иш – чаралар планын аткаруу максатында Байтик айылдык кенеши
Т О К Т О М К ЫЛ А Т :
1. Байтик айыл өкмөтү менен Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, “Арчалы – Ороситель” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмеси, “Калкагар” сугат суу пайдалануучулар ассоциациясы ортосундагы ыйгарым укуктарды берүү тууралуу түзүлгөн келишим жокко чыгарылсын.
2. Байтик айыл өкмөтүнүн Муниципалдык ишкана менен айыл аймактагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, “Арчалы – Ороситель” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмеси, “Калкагар” сугат суу пайдалануучулар ассоциациясынан: атайын техникаларды, мүлктөрдү (жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга укугуна мамлекеттик актылар (бар болсо), Жайытты пайдалануучулар бирикмесинен жайыт жерлерин, жайыт инфраструктурасынын объекттерин (чабан үйлөрү, кашарлар, мал айдап өтүүчү жолдор, көпүрөлөр, купкалар) өткөрүп алуу боюнча тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү тууралуу акт түзүлсүн.
3. Байтик айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасына айыл аймактагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, “Арчалы – Ороситель” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмеси, “Калкагар” сугат суу пайдалануучулар ассоциациясы бириктирилсин;
4. Жайытты пайдалануучулар бирикмесин жоюу жүргүзүлсүн.
5. “Арчалы – Ороситель” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмесин жоюу жүргүзүлсүн;
6. “Калкагар” сугат суу пайдалануучулар ассоциациясын жоюу жүргүзүлсүн;
7. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, “Арчалы – Ороситель” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмесинин, “Калкагар” сугат суу пайдалануучулар ассоциациясынан өткөрүлүп алынган мүлктү Байтик айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
8. Байтик айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын уставы кайрадан каралып чыгып тиешелүү тартипте юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча Мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |