Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын

кезектеги(кезексиз) XХIX сессиясынын

 

2024-жыл 17-январь №29-1

 

“Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө”

Т.Балтагулов айыл Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХIX сессиясынын,биринчи маселеси боюнча айыл аймагынын ФЭБнин башчысы Р.Дуулатов айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинин долбоору менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Т.Балтагулов айыл аймагынын 2024-жылдын киреше бөлүгү 27903,2 (жыйырма жети миллион тогуз жүз үч миң эки жүз)миң сом,чыгаша бөлүгү 27903,2(жыйырма жети миллион тогуз жүз үч миң эки жүз)миң сомго түзүлгөн бюджетин бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2.Атайын төлөм каражатынын киреше бөлүгү 1800.0(бир миллион сегиз жүз миң)миң сом,чыгаша бөлүгү 1800.0 (бир миллион сегиз жүз миң)миң сомду бекитүүгө макулдук берилсин.

3.Өзгөчө кырдаалдарга жергиликтүү бюджетинин эсесбинен 300,0(үч жүз миң)миң сом акча каражаты ажыратылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

5.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кенешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

Э.Исманов