Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-апрели № 1967-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши, курулушка жана жолдорго тиешелүү башка маселелер тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 1459-VII токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы;
"Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Төрага |
| Н.Т. Шакиев |