БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Байтик Баатыр айылдык кенешинин 13 кезектеги жыйыны 29 чакырылыш
2024-жылдын 19-мартындагы № 14
“Айыл чарба багытындагы жер участогун көп жылдык өсүмдүк отургузуучу (бакча) калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которууга макулдук берүү”
Кашка – Суу айылынын тургундарынан келип түшкөн көптөгөн жеке менчик үй салуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча кайрылууларынын негизинде жана айылдыфк кенешнтин жер комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап чыгып Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылынын СФСУнун №1175 контурда жайгашкан жерлеринен жалпы аянты 13,70 га жер тилкеси айылды кеңейтүүгө жана айылдын тургундарына жеке турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин;
2. №1175 контурда жайгашкан жалпы аянты 13,70 га айыл чарба багытындагы жер участогун көп жылдык өсүмдүк отургузуучу (бакча) калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которууга макулдук берүү
3. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы, категориясынан “Көп жылдык өсүмдүк отургузуучу (бакча) калктуу конуштардын жерлеринин категориясына” которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин;
4. 2020-жылдын 20-майындагы № 27 токтом күчүн жоготту деп эсептелсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |