Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 46
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин Бажы бирлигинин "Лифттердин коопсуздугу" техникалык регламентинин (ББ ТР 011/2011), "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 730 "Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Лифттердин түзүлүштөрү жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Сейсмикалык райондордо орнотуу үчүн арналган лифттер конструкциясына жана имараттарда орнотууга карата атайын коопсуздук талаптарын аткаруу менен орнотулушу керек.";
- 24-пункттун экинчи абзацында "өнөр-жай коопсуздугу тармагында контролдоо жана көзөмөлдөө функциясы берилген ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу контролдоочу орган)" деген сөздөр "эксплуатациялоочу уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 326-пункттун биринчи абзацында "экспертизанын корутундусунун" деген сөздөр "адистештирилген уюмдун оң корутундусунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 327-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"327. Кабыл алуу сыноосун жүргүзүү үчүн эксплуатациялоочу уюм өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген ыйгарым укуктуу контролдоочу органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу контролдоочу орган) төмөнкүдөй техникалык документтерди берет:";
- 329-пунктта:
биринчи абзацта "Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган менен" деген сөздөр "Адистештирилген уюм менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта "экспертизанын" деген сөз "адистештирилген уюмдун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 334-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"334. Лифттерди каттоо ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан аларды пайдаланууга кабыл алгандан кийин каттоо номерин ыйгаруу жана каттоо датасын көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт.";
- 336-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"336. Лифттин буйрутма берүүчүсү же башкы подряддык курулуш уюму ушул Эрежелердин 11-главасына ылайык лифтти коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, жооптуу адамдарды жана лифтерлорду дайындайт жана лифтти кабыл алуу боюнча комиссияны төмөнкүдөй курамда уюштурат:";
- 344-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"344. Лифтти башка ээсине өткөрүп берүүдө лифтти кайра каттоо жүргүзүлөт. Каттоодон чыгаруу лифтти демонтаждоодо жүргүзүлөт. Лифтти каттоо, кайра каттоо, каттоодон чыгаруу ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан жүргүзүлөт.";
- 366-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"366. Ченемдик иштөө мөөнөтүн бүткөн лифтти текшерүүнүн жыйынтыктары сыноо протоколдорунда чагылдырылат. Лифттин паспортуна лифтти коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жазылат.";
- 370-пунктта:
үчүнчү абзацта "өнөр жай коопсуздук жаатындагы ченемдик техникалык документтерди" деген сөздөр "ушул Эрежелерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Эрежелерге ылайык лифттерди эксплуатациялоо менен байланышкан кызматкерлерди даярдыктан жана аттестациядан өткөрүүнү;";
сегизинчи абзацта "өнөр жай коопсуздук" деген сөздөр "ушул Эрежелердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 376-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"376. Эксплуатациялоочу жана адистештирилген уюмдардын техникалык жетекчилери, адистери жана аттестациялык комиссияларынын мүчөлөрү белгиленген тартипте лифттерди коопсуз эксплуатациялоо боюнча даярдыктан жана аттестациядан өтөт.";
- 377-пункттун биринчи абзацында "өнөр жай чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аттестацияланган" деген сөздөр алып салынсын;
- 384-пункттун биринчи абзацында "Өнөр жай коопсуздугу" деген сөздөр "Коопсуздук" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 387-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"387. Лифттерди диспетчердик контролдоо менен жабдуунун зарылдыгы эксплуатациялоочу уюм тарабынан аныкталат.
Лифттердин ишин диспетчердик контролдоо үчүн белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген көп функционалдуу диспетчердик комплекстер сыяктуу эле адистештирилген диспетчердик пульттар да колдонулушу мүмкүн, мында адамдарды бошотуу (эвакуациялоо) үчүн жооптуу квалификациялуу персонал менен туруктуу эки тараптуу сүйлөшүү байланышын камсыз кылуучу аралыктан шашылыш байланыш түзүлүшүнүн болушу милдеттүү талап болуп саналат.
Бир диспетчер тейлеген лифттердин саны 200 лифттен ашпоого тийиш.";
- 395, 396-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 399-пунктта "эксперттик" деген сөз "адистештирилген" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Эрежелердин 1-тиркемесинде:
элүү жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Адистештирилген уюм - техникалык каражаттары жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларында аттестациядан өткөн квалификациялуу адистери бар уюм.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |