Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык кенеши
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-мартындагы № 115/26-8
“Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту”
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө отчётун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө отчёту, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.С.Абдыраимовдун жайыт комитетинин 2022-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (Т.С.Абдыраимов) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова), өндүрүш, курулуш архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ч.А.Кимсанов |