Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бириккен Күмүштак айылдык Кеӊешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралы № 2

 

Бириккен Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

               “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жѳнүндѳгү убактылуу Жобону жетекчиликке алып ошондой эле бириккен Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасы Мамыралиев Алмазбек Тологоновичтин жеке сунушун талкуулап жана добушка салып бириккен Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын I сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Күмүштак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары бир добуштан (26 депутат) шайлангандыгы эске алынсын.

 

2. Бириккен Күмүштак айыл аймагынын Күмүштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Акматов Батырбек Сейдалиевич шайланды деп таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

А.Т.Мамыралиев