ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-декабры № 46
Тамга айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетинин тѳрагасы Жорупбеков Таалайдын кайрылуусу тууралуу
Тамга айыл ѳкмѳтүнүн жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Жорупбековдун кайрылуусун эске алып, айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XVI- сессиясы токтом кылат:
1. Тамга айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Жорупбековдун кайрылуусунун негизинде жайыт комитетине жайыт акыдан түшкѳн 228 900 (эки жүз жыйырма сегиз миң тогуз жүз) сом акча каражатынын 100 % пайызы жайыт комитетинин банктык бет эсебине которулуп берилсин.
2. Жайыт комитетине кириштелген акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Т.Жорупбековго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага |
| А.А. Букаров |