Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кара-Көл шаардык кенеши

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 121/26-8

 

“Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын 35-статьясын, Кара-Көл шаардык аксакалдар сотторунун жобосунун 1-бөлүмүнүн 1.11-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун төрагасы С.Анашовдун отчетун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө аксакалдар сотунун төрагасы C. Анашовдун маалыматы эске алынсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), шаардык аксакалдар сотуна (С.Анашов), көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ч.А.Кимсанов