Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-марты № 18
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Уй бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ» Жарлыктын негизинде айыл аймагы боюнча түзүлгөн Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Уй бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ Жарлыктын негизинде айылдарда өткөрүлгөн эл жыйындарындагы сунуштарды карап жана атайын иштелип чыккан Жобону карап жана талкуулап
Каракол айыл Кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Уй бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ Жарлыктын негизинде айыл аймагы боюнча иштелип чыккан « Каракол айыл аймагында үй –бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» жобо бекитилсин. (тиркелет)
2.Токтомду массалык маалымат каражатына , веб-сайтка жарыяланып , Кыргыз Респбубликасынын Ысык-Көл облусундагы юстиция бөлүмүнөн каттоодон өткөрүп, Кыргыз Респпубликасынын мамлекеттик каттоонун РЕЕСтрине киргизилсин.
Төрага | Б.М. Алымбаев |
Каракол Кеӊешинин
28 - чакырылышынын
№8 сессиясында бекитилди
2022-жыл 25 - март
Каракол айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор;
2. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби;
3. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү тартиби;
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссия жана кызмат адамдары;
5. Жергиликтуу комиссия;
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик;
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарында жана башка калктуу конуштарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчилике, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санасын жана ырым-жырымдарын кеӊири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
2.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик той, жентек той, тушоо кесүү той, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, мааракелик салтанаттар ж.б. кирет.
2.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
2.3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө:
- Үйлөнүү-үлпөт тойлордо ашыкча ысырапкерчиликке жол бербилбестен, «бир кой» союга улуксат берилет .Тойлорго чакырылган адамдын саны 200 (эки жүз ) адамдан ашпоого тийиш, ал эми сейилдөөгө чыккан автоунаалар үчтөн ашпасын;
- Үйлөнүү-үлпөт тойлордо “себет алмашуу”, “түштөндүрүү”, “кийит кийгизүү” жана белектерди таратуу кыскартылсын;
- Жентек, бешик той, тушоо той, баланы сүннөткө отургузуу, юбилейлер үй-бүлөлүк майрам катары белгиленип, жакын туугандарынын катышуусунда 70 (жетимиш) адамдан ашырбай өткөрүлсүн;
- Той ээси үйлөнүү-үлпөт тойлордо, үй-бүлөлүк салтанаттарда көп каражат сарптоонун ордуна айыл элинин социалдык-экономикалык жашоо-шартын оӊдоо үчүн (айылда орун алган социалдык мекемелерди оӊдоп-түзөө, аз камсыз, муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү ж.б.) сарптоо сунушталсын;
3. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби:
- Маркумду акыркы сапарга узатууда , үй ээсине Президенттин Жарлыгы менен тааныштырып түшүндүрүу иштери жүргүзүлсүн, Дасторкон даярдоодо ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбесин , салат жасалбасын.
- Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт;
- Сөөк чыккан үйдөн баштык, жыртыш таратылбасын. Аза күткөн үй-бүлөгө көӊүл айтууга келгенде баштык көтөрүп келүүгө тыюу салынсын, анын ордуна мүмкүнчүлүккө жараша акчалай жардам көрсөтүү сунушталсын;
- Кыркылыгы, ашы үй ээсинин «бир кой» союп, өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилсин.
- Маркумдун жакындарына кафелерде киши топтоп каадаларды өткөрүү шартына жараша ѳткѳрүугѳ уруксат берилсин.
- Маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү эскерүү зыйнаттарында көп каражат сарптоонун ордуна айыл элинин социалдык-экономикалык жашоо-шартын оӊдоо үчүн (айылда орун алган социалдык мекемелерди оӊдоп-түзөө, аз камсыз, муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү ж.б.) сарптоо сунушталсын;
- Уй ээси шартына жараша ѳзү чечсин
Маркумду эскерүү ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
4. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдар жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү комиссия кирет. Комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5. Жергиликтүү комиссия
5.1 Жергиктуу комиссия айыл өкмөтүндө түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеӊештин депутаттары, маданият мекемелеринин, милиция кызматкерлери, ардагерлер, аялдар жана жаштар кеӊештеринин, аксакалдар сотунун, дин кызматкерлеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинен коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
6.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарына, эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеӊеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат;
6.2. Сөөк коюуда, маркумду эскерүү, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка үй-бүлөлүк иш чараларды өткөрүүдө айыл өкмөт башчыларына, айыл башчыларына маалымдап коюу жагы милдеттендирилсин.
6.3 Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобого керек убакытта талкууланып айыл кенешинин токтому менен тиешелүу өзгөртүулөр толуктоолор киргизилип турсун
Жооптуу катчы |
| А.Ш. Табалдиева |