Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык кенеши
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-мартындагы № 120/26-8
“Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-статьясынын 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымы Р.Абытканованын отчетун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымы А.Абытканованын маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши шаардык кеңештин 24.04.2015-жылдагы №67/19-5 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын аялдар кеңеши жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык аялдар кеңешине (Р.Абытканова), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ч.А.Кимсанов |