Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кара-Көл шаардык кенеши

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 119/26-8

 

“Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүндө жайгашкан жаңы курулган спорт комплексине Абдылас Назарбековдун ысымын ыйгаруу жөнүндө”

Кара-Көл шаардык кеңешинин 03.02.2023-ж. №109/24-8 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарында жайгашкан географиялык обьекттерди атоо жана алардын аталыштарын өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин сунушун, шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, эркин күрөш боюнча машыктыруучу Абдылас Назарбековдун көп жылдык эмгегин, шаардын спорт тармагына кошкон зор салымын эске алып, 8-чакырылыштагы депутаттарынын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Көл шаарындагы Бекташ көчөсүндө жайгашкан жаңы курулган спорт комплексине Абдылас Назарбековдун ысымын ыйгаруу макулдук берилсин.

2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Т.Т.Конкобаев) Кара-Көл шаарындагы Бекташ көчөсүндө жайгашкан жаңы курулган спорт комплексине Абдылас Назарбековдун ысымын ыйгаруу боюнча мыйзам чегинде укук-ырастоочу документтерди даярдасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С. Курамаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ч.А.Кимсанов