Кара-Көл шаардык кенеши
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-мартындагы № 118/26-8
“Кара-Көл шаарынын Кыргыз көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин 03.02.2023-ж. №109/24-8 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарында жайгашкан географиялык обьекттерди атоо жана алардын аталыштарын өзгөртүү, эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин Кыргыз көчөсүнүн атын өзгөртүп, Чубак ажы Жалиловдун ысымы менен атоо жөнүндө сунушун, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 8-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Кыргыз көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилсин жана Чубак ажы Жалилов көчөсү деп аталсын.
2. Географиялык обьектинин атын атоо боюнча бардык чыгымдар Кара-Көл шаарынын бюджетинин эсебинен шаардык мэрия (Т.Т. Конкобаев) тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл филиалы (Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаардык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы (А.О.Омурбеков) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ч.А.Кимсанов |