Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык кенеши
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-мартындагы № 117/26-8
“Кара-Көл шаардык Жаштар кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-статьясынын 8-бөлүгүн жана Кара-Көл шаардык Жаштар кеңешинин жобосунун 4.17. бөлүмүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык Жаштар кеңешинин төрайымы Д.Д.Тажимирзаеванын Жаштар кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Т.Токтомушевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык Жаштар кеңешинин төрайымы Д.Д.Тажимирзаеванын Жаштар кеңешинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык Жаштар кеңеши жаштар арасында китеп окууга кызыктыруучу иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Кара-Көл шаардык Жаштар кеңеши шаардык кеңештин 05.03.2019-жылдагы №142/26-7 сандуу токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаарынын Жаштар кеңеши жөнүндө” жобого ылайык иш алып барсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэрине (Г.О.Сатарова), шаардык Жаштар кеңешине (Д.Д.Тажимирзаева), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Т.Токтомушев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ч.А.Кимсанов |