Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 706
Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу жана кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө максималдуу кайтарууга жана керектөө калдыктарын көмүүнүн көлөмүн азайтууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу моделин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
2) Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясын ишке ашыруу боюнча жол карта (мындан ары - Жол карта) 2-тиркемеге ылайык.
2. Жол картаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын ишке тартылган мамлекеттик органдарынын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Жол картаны ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- Жол картанын иш-чараларын өз убагында аткарууну камсыз кылсын;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясын ишке ашыруу боюнча ЖОЛ КАРТА
№ | Иш-чаранын аталышы | Күтүлгөн натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу мамлекеттик органдар | Каржылоо булактары |
1 | Өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги принцибин киргизүүгө байланыштуу товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө жаатындагы маселелерди жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЧУА иштелип чыкты, жаңы терминдер жана аныктамалар киргизилди, калдыктардын көп түрлөрү аныкталды (тизмеги), өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин операторлору аныкталды ж.б. | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ,ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
2 | Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилигин аткарууну камсыздоонун, анын ичинде утилдештирүүчүлөрдү каттоо тартибин иштеп чыгуу | ||||
3 | "Экологиялык жыйым" түшүнүгүн (терминин) киргизүү | 2018-жылдын 10-августундагы № 90 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр киргизилди | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ФМ, ЭКМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
4 | Товардын жана таңгактын калдыктардын түрлөрүнө, топторуна катышын белгилеген ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу, аларды утилдештирүү ӨКЖ аткаруунун алкагында эске алынат | Товардын жана таңгактын калдыктардын түрлөрүнө, топторуна катышын белгилеген ЧУА иштелип чыкты, аларды утилдештирүү ӨКЖ аткаруунун алкагында эске алынат | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ,ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
5 | 2026-жылга товарларды пайдалануудан калдыктарды утилдештирүүнүн ченемдерин иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору иштелип чыкты | 2024-жылдын I кварталы - 2025-жылдын IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
6 | Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин утилдештирүүгө жаткан, республиканын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын, алардын таңгактарынын санын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан декларациялоонун тартибин иштеп чыгуу | Өткөн календардык жыл үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган, утилдештирүүгө жаткан товарларды, анын ичинде товарлардын таңгактарын өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан декларациялоо жөнүндө жобо КР Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилди | 2025-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
7 | Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин утилдештирүүгө тийиш болгон кайра иштетилген товарлардын, алардын таңгактарынын санын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан декларациялоо тартибин иштеп чыгуу | Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин утилдештирүүгө тийиш болгон кайра иштетилген товарлардын, алардын таңгактарынын санын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан декларациялоо тартиби КР Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилди | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ,ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
8 | Утилдештирүүгө таңгакты өндүрүүчү жана импорттоочу жооптуу болгон таңгактардын жана таңгактоочу материалдардын түрлөрүнүн тизмесин белгилөө | Таңгактардын жана таңгактоочу материалдардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү тууралуу ЧУА иштелип чыкты жана бекитилди | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
9 | Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги чөйрөсүндө маалыматтык система түзүү | Маалымат системасы түзүлдү | 2025-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
10 | Товарларды жана таңгактарды өндүрүү технологиясы, анын ичинде экинчи чийки заттан жасап чыгаруу тууралуу маалыматты камтыган товарлардын жана таңгактардын электрондук каталогун түзүү | Товарлардын жана таңгактардын электрондук каталогу түзүлдү | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
11 | Экологиялык жыйымды алуунун тартиби жана анын ставкасын эсептөөнүн методикасын иштеп чыгуу | ЧУА иштелип чыкты | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
12 | Товарларды пайдалануудан келип чыккан калдыктарды утилдештирүү ченемдерин аткаруу тууралуу отчеттуулуктун эрежесин иштеп чыгуу | "Товарларды өндүрүүчүлөр жана товар импорттоочулар тарабынан товарларды пайдалануудан келип чыккан калдыктарды утилдештирүү ченемдерин аткаруу тууралуу отчет берүү тартиби жөнүндө" КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору иштелип чыкты | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
13 | Калдыктары утилдештирилбей турган же болбосо калдыктардан начар алынуучу же аларды утилдештирүүгө таптакыр болбой турган товарлардын жана таңгактын тизмегин даярдоо | ЧУА иштелип чыкты | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
14 | Административдик жоопкерчилик чараларын аныктоо: - ӨКЖ аткаруудан баш тарткан ӨКЖ субъекттерин аныктоодо; - ӨКЖ операторуна калдыктарды чогултуу жана утилдештирүү тууралуу анык эмес маалыматтарды берген факт аныкталган учурда; - өзүнчө чогултулган калдыктардын түрлөрүн, топторун аралаштырууга тыюу салууну бузгандыгы үчүн | КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди | 2025-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
15 | Верификацияланган утилдештируүчүлөрдүн реестрин түзүү. Реестрге киргизүүнү алдында текшерүүдөн өтүшү керек, жабдуулардын бар экендигин ырастоого тийиш | Верификацияланган утилдештирүүчүлөрдүн реестри түзүлдү | 2025-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
16 | Экинчи чийки затты пайдалануу менен рынокко технологияларды жана продукцияны киргизүүнү камсыз кылуу үчүн колдонуудагы ченемдик-техникалык документтерди, курулуш ченемдерин жана эрежелерин кайра карап чыгуу | ЧУА иштелип чыкты | 2024-жылдын I-IV кварталы | Курулуш агенттиги | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
17 | Соода тармактары үчүн кайра иштетүүгө жарактуу материалдардан, анын ичинде биологиялык ажыратылуучу материалдардан кайра иштетилбей турган/кайра иштетүүгө кыйын болгон таңгакка карата белгилүү бир үлүштө, же болбосо экинчи чийки заттарды камтыган материалдардан өндүрүлгөн таңгактарды акырындык менен соода залдарында жүгүртүүгө киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | Бизнес коомчулукка, ири соода борборлоруна каттар жөнөтүлдү, калктын калдыктар менен иштөө маданияты боюнча маалымдалуусу жогорулады | 2024-жылдын I-IV кварталы | ЖРЭТКМ, ЭКМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
КР | - | Кыргыз Республикасы; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт; |
ӨКЖ | - | өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги. |