Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 706 токтомуна) |
Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
Товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында башталган иштерди улантууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында, анын ичинде калдыктар менен иштөө жаатында Кыргыз Республикасынын учурдагы саясатынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- минералдык-чийки зат ресурстарын толук жана комплекстүү пайдалануу, өндүрүштөрдүн калдыктарын чарбалык жүгүртүүгө тартуу;
- калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү боюнча ишканаларды түзүүгө, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүүгө дем берүү;
- катуу тиричилик калдыктарын өзүнчө жыйноо системасын жер-жерлерде ишке киргизүү, кайра иштетилүүчү ресурстар рыногунун өнүгүшүн камсыз кылуу;
- пландоонун, чечимдерди кабыл алуунун, аткаруунун жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык этаптарында жашыл экономиканын принциптерин жана талаптарын ишке киргизүү;
- экономиканын түзүмүн кайра карап чыгуу жана жаратылыш чөйрөсүнө минималдуу таасир тийгизген өнүгүүгө өтүү үчүн "жашыл" өсүү принциптерин эсепке алуунун зарылдыгы;
- жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу үчүн ресурстарды үнөмдөөчү, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүү жана илгерилетүү боюнча секторлор аралык бирдиктүү саясат түзүү.
Товарларды жана товарлардын таңгактарын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги (мындан ары - өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги) деп Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүрүүнү (мындан ары - товарларды өндүрүүчүлөр), үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоону жана товарларды таңгактоону же Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринен товарларды ташууну, товарларды таңгактоону (мындан ары - товарларды импорттоочулар) жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактардын продукциялар (товарлар) керектөө касиеттерин жоготкондон кийин пайда болгон калдыктарын жыйноону, ташууну, кайра иштетүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттенмеси катары түшүнүлөт.
Ушул Концепция административдик, уруксат берүүчү жана башка механизмдер менен биргеликте керектөө калдыктарынын пайда болушун кескин кыскартууга жетишүүгө, аларды кайра иштетилүүчү чарбалык жүгүртүүгө тартууга кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды кайра иштетүү рыногун түзүүгө дем берүүгө жана калдыктарды көмүүнүн көлөмүн азайтууга максималдуу багытталган калдыктар менен иштөө системасын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү товарларды жана товарлардын таңгактарын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилигинин натыйжалуу моделин түзүү максатында мамлекеттик жөнгө салууну трансформациялоого негизги ыкмаларды аныктайт.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтунун негизги максаты - жашыл экономикага өтүүнүн алкагында кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө кайтаруунун натыйжалуу системасын түзүү, бул өз кезегинде жагымдуу айлана-чөйрөгө, аны келечек муундар үчүн сактоого жана кайра жаралбаган жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын принциптерине шайкеш келет.
2-глава. Кыргыз Республикасында товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун өркүндөтүүнүн өбөлгөлөрү
Кыргыз Республикасынын аймагында керектөө калдыктарын жайгаштыруучу жайларды инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча 406 таштанды таштоочу жай бар.
Таштанды таштоочу жайларды ээлеген жерлердин жалпы аянты 616,306 га жакынды түзөт, анын ичинде: 506,506 га - айыл чарба багытындагы жерлер (82%); 78,95 га - калктуу конуштардын жерлери (12,8%); 7,55 га - мамлекеттик токой фондунун жерлери (1,2%); 23,3 га - өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер (4%).
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын таштанды таштоочу жайларында 16 млн. 409,629 миң тоннага жакын керектөө калдыгы топтолгон. Жыл сайын 519,87 миң тоннага жакын калдык пайда болот (калдыктардын топтолушу боюнча так маалыматтар жок, анткени жайгаштырылган калдыктардын санын эсепке алуу жок жана калдыктарды чыгаруу уюштурулбаган).
Республика боюнча калдыктардын морфологиялык курамы бирдей эмес жана калктуу конуштун жашоо турмуш деңгээлине жараша өзгөрүп турат.
Ири калктуу конуштардын таштанды таштоочу жайларында жайгаштырылган калдыктардын морфологиялык курамы төмөндө келтирилди.
Кыргыз Республикасынын ири калктуу конуштарынын таштанды таштоочу жайларында жайгаштырылган калдыктардын морфологиялык курамы
1-таблица
№ | Калдыктын түрүнүн аталышы | Саны, % менен |
1 | Желим (желим бөтөлкөлөр жана полимер материалдардан пакеттер, идиштер, шприцтер жана башкалар) | 21 |
2 | Айнек | 10 |
3 | Курулуш калдыктары | 14 |
4 | Тамак-аш калдыктары | 20 |
5 | Органикалык калдыктар | 12 |
6 | Күл | 11 |
7 | Металл | 0,5 |
8 | Кагаз, картон | 1 |
9 | Текстиль | 0,5 |
10 | Электрондук жана электр техникалык калдыктар жана башкалар (медициналык, биологиялык) | 10 |
Айыл жериндеги таштанды таштоочу жайларда жайгаштырылган калдыктардын морфологиялык курамына негизинен курулуш калдыктары, өлгөн малдын тарпы, айыл чарба калдыктары ж.б. кирет.
Калдыктар жайгаштырылган кээ бир жерлерде желим бөтөлкөлөр, картондор жана айнек идиштер жарым-жартылай ылганат, бирок көпчүлүк таштанды таштоочу жайларда калдыктарды ылгоо жок.
Керектөө калдыктарынын айрым кооптуу түрлөрү: медициналык, курулуш, электрондук жана электр техникалык калдыктар жана үй чарбасында жана соодада пайда болгон башка калдыктар ылгоо жана кайра иштетүү системасынын жоктугуна байланыштуу көмүү үчүн түз эле таштанды таштоочу жайларга жана полигондорго келип түшөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибинин (мындан ары - Калдыктар менен иштөө тартиби) талаптарына ылайык калдыктар көмүлүүчү объектке көмүү үчүн төмөнкүдөй калдыктарды кабыл алууга тыюу салынат: суюк калдыктар; калдыктар көмүлүүчү объектилердин шарттарында жарылуучу, дат басуучу, кычкылдануучу, өрт коркунучу жогору же өрт коркунучу кооптуу калдыктар; суу менен реакциялануучу калдыктар; медициналык же ветеринардык мекемелердин жугуштуу калдыктары; бүтүн пайдаланылган дөңгөлөктөр, жарамдуулугу калыбына келтирилген материал катары колдонулгандарынан башкасы; туруктуу органикалык булганычтарды камтыган калдыктар; пестициддер; кайра иштетилүүчү жана (же) утилдештирилүүчү мунайзат продуктулары.
Кайра иштетилүүчү материалдык ресурстардын категориясына кирген өндүрүш жана керектөө калдыктарын жыйноо аларды пайдалануунун жана кайра иштетүүнүн багыттарына ылайык калдыктар келип чыккан объекттерде өзүнчө жүзөгө ашырылууга тийиш.
Бул талаптарга карабастан, таштанды таштоочу жайларда жайгаштырылган калдыктардын иш жүзүндө 70%дан ашыгын кайра иштетүү үчүн жарактуу калдыктардын жогоруда аталган түрлөрү түзөт.
Катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруудагы олуттуу проблеманы полимердик пленкалардан пакеттер жаратат, алар иш жүзүндө чирибейт жана тосмолорго карабастан таштанды таштоочу жайлардын аймагынан учуп, жаратылыш жана суу объекттерин булгап, айлана-чөйрөгө кошумча терс таасирин тийгизүүдө.
Өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги принциби Европа бирлигинин өлкөлөрүндө өткөн кылымдын 90-жылдарынын башынан тартып ийгиликтүү колдонулуп келет.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) өлкөлөрүндө - Беларусияда, Казакстанда жана Россияда өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги принциби мыйзамдуу түрдө регламенттелген жана бул өлкөлөрдө өндүрүлгөн же бул өлкөлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарлардын наркына экологиялык жыйымдар киргизилген.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин колдонуудагы модели товарларды/товарлардын таңгагын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон товарларды жана товарлардын таңгактарын иштетүүгө чыгаруудан калдыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдерин (мындан ары - кайра иштетүүнүн ченемдери) аткарууну камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин белгилөөнү карайт.
Бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасында өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин колдонуудагы моделинин иштөөсүнүн натыйжалуулугун баалоо системасы киргизилген эмес, тийиштүү башкаруу жана контролдоо жок. Өзгөчө эсепке алуу маселеси товар өндүрүүчүлөр тарабынан пайдаланылган товарлардын таңгагына карата актуалдуу. Таңгакты колдонгон чарбакер субъекттердин саны (ритейл, интернет дүкөндөр, коомдук тамактануу түйүндөрү, рыноктор, тамак-аш жеткирүү жана башкалар) көзөмөлдөнбөйт.
Кыргыз Республикасында өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүүдөгү проблемалардын бири болуп белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн жана кайра иштетүү ченемдеринин жоктугу саналат.
Мындан тышкары, калдыктар менен экологиялык жактан коопсуз иштөөнүн негизги проблемалары болуп товарларды өндүрүүдө кайра иштетилүүчү материалдарды пайдаланууга дем берүү принцибинин жана чыгымдарды толук жабуу принцибинин бузулушу менен, ошондой эле экологиялык жыйымдын каражаттарын максаттуу пайдалануунун натыйжалуу механизминин жоктугу жана айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштырууга жыйымдын жоктугу менен байланышкан.
Калдыктардын айрым түрлөрүн (кагаздын калдыктары, кара жана түстүү металлдардын калдыктары, иштетилген автомобиль шиналары, желим калдыктар ж.б.) кайра иштетүүнүн жыйынтыгында колдо болгон кубаттуулуктардын олуттуу түрдө толук пайдаланылбагандыгы, ошондой эле жалпысынан калдыктарды жыйноо, иштетүү жана кайра иштетүү боюнча инфраструктуранын өнүгүүсүнүн жетишсиз деңгээли байкалат.
Мындан тышкары, өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөөнүн комплекстүү системасы жок.
3-глава. Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун өркүндөтүүнүн максаттары жана милдеттери
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүүнүн максаттарына төмөнкүлөр кирет:
- кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө максималдуу кайтарууга жана керектөө калдыктарын көмүүнүн көлөмүн минималдаштырууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуу моделин түзүү;
- калдыктардан алуунун жана кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды максималдуу кайра пайдалануунун эсебинен жашыл экономикага өтүүнү камсыз кылуу;
- калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу;
- өндүрүш процессине максималдуу кайра иштетилүүчү продукцияларды киргизүүнү жана кайра иштетүүгө болбой турган материалдарды пайдалануудан баш тартууну камсыз кылуу, ошондой эле көп жолу пайдаланылуучу жана экологиялык таңгакты пайдаланууга дем берүү;
- керектөө калдыктарын кайра иштетүү үчүн кубаттуулуктарды жана шарттарды, ошондой эле кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды пайдалануу үчүн атаандаштык артыкчылыктарды түзүү жана аларды чарбалык жүгүртүүгө тартуунун деңгээлин жогорулатуу;
- катуу коммуналдык калдыктарды иштетүү боюнча жарандардын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдүн өлчөмүн азайтуу жана аларды андан ары кайра иштетүү максатында кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды жыйноого калк үчүн ыңгайлуу инфраструктураны түзүү.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- натыйжалуу иштеген маалыматтык системаны пайдалануу менен өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын пайда болушунун ачыктыгын, контролдоону жана эсебин камсыз кылуу;
- кайра иштетилүүчү материалдык ресурстарды кайра иштетүү субъекттерин белгилөө жана алардын милдеттерин, ошондой эле алардын өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктоо;
- өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин натыйжалуулугун баалоону жүзөгө ашыруу үчүн максаттуу көрсөткүчтөр системасын түзүү;
- натыйжалуу иштеген маалыматтык системаны пайдалануу менен өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин талаптарынын аткарылышынын ачык-айкындыгын, контролдоону жана эсепке алууну камсыз кылуу;
- калдыктарды айлана-чөйрөгө жайгаштырууга жыйымдардын жана утилдештирүү жыйымдарынын каражаттарын чыгымдоо механизмдерин өркүндөтүү;
- калдыктарды өзүнчө топтоонун натыйжалуу системасын түзүү үчүн кошумча дем берүүнү түзүү.
4-глава. Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү
§ 1. Калдыктардын топтору боюнча кайра иштетүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн системасын түзүү
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын базалык Мыйзамы өндүрүш жана керектөө калдыктары менен коопсуз иштөөгө карата жалпы талаптарды аныктайт, атап айтканда, төмөнкүлөр боюнча талаптарды жана чараларды белгилейт:
- айлана-чөйрөдө пайда болгон жана жайгаштырылган калдыктарды мамлекеттик эсепке алууну киргизүү;
- калдыктарды жайгаштыруунун чектүү жол берилген ченемдерин чектөө жана белгилөө;
- калдыктарды айлана-чөйрөгө жайгаштыруу үчүн төлөмдөрдү алуу;
- калдыктар менен иштөө менен байланышкан объекттерди мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүү жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо;
- өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарын зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү, сактоо же көмүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү;
- калдыктар менен иштөөгө байланыштуу объекттерде айлана-чөйрөнүн абалына мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү;
- калдыктар менен иштөө боюнча талаптардын сакталышын контролдоо;
- кызыкдар тараптарды маалымдоо.
"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктаган жана калдыктардын жашоо циклинин процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салган, ошондой эле калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик башкаруу, көзөмөлдөөчү жана контролдоочу негизги мыйзам болуп саналат.
Жогоруда аталган Мыйзам калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт, калдыктар менен иштөө, калдыктарды транс чек аралык ташуу, калдыктар менен иштөөнү лицензиялоо, мамлекеттик, өндүрүштүк жана коомдук контролдоо, калдыктар менен иштөөдөгү ченемдер, калдыктарды мамлекеттик эсепке алуу жана кадастрын жүргүзүү, экономикалык жөнгө салуу боюнча талаптарды, калдыктар менен иштөө жаатындагы жоопкерчилик чараларын жана талаш-тартыштарды чечүүнү регламенттейт.
Бул Мыйзамга ылайык өндүрүштүн калдыктарына продукцияны өндүрүү же иштерди аткаруу процессинде түзүлгөн жана өзүнүн керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкон материалдын, чийки заттын, жарым фабрикаттын калдыктары, ошондой эле өндүрүш процессинде түзүлгөн жана бул өндүрүштө колдонулбай турган көмөкчү заттар кирет. Керектөө калдыктары, бул иш жүзүндө же моралдык жактан эскирүүдөн улам өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына, ошондой эле адамдардын жашоо-тиричилик процессинде келип чыккан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары кирет.
Өзүнүн курамында коркунучтуу касиеттердин бирин камтыган (уулуу, жугуштуу, жарылуучу, тутануучу, жогорку реакциялуу кудурети) жана ушундай санда жана ушундай түрдө өз алдынча, ошондой эле башка заттарга аралашкан учурда адамдын ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн түздөн-түз же потенциалдуу коркунуч туудуруучу заттарды камтыган калдыктар (радиоактивдүү калдыктардан башка) коркунучтуу калдыктар болуп саналат.
Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы ишти уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу, калдыктарды жайгаштырууга, калдыктарды жайгаштыруу объекттерине жана калдыктарды түзүүнүн ченемдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу тартибине талаптарды аныктоо Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Бул Тартипте калдыктарды экинчи материалдык ресурстар катары пайдалануу жана кайра иштетүү үчүн калдыктарды өзүнчө жыйноого карата талаптар белгиленген.
Тартип ошондой эле калдыктар менен иштөөнүн ченемдерин толук регламенттейт.
Калдыктар менен иштөөнү ченемдөө калдыктарды түзүүнүн ченемдерин иштеп чыгуу жана ишкананын аймагында жана андан тышкары аймакта белгилүү бир убакыт аралыгында калдыктар жайгаштырылган конкреттүү объектте калдыктардын конкреттүү түрлөрүн жайгаштырууга лимиттерди белгилөө жолу менен ишке ашырылат. Калдыктарды түзүүнүн жана аларды жайгаштыруунун лимиттерин белгилөөнүн ченемдеринин долбоорлору кооптуулуктун I категориясындагы чарбалык иш объекттери үчүн иштелип чыгат жана объектте пайда болгон бардык калдыктардын бардык түрлөрүн эсепке алат, башкача айтканда продукцияны өндүрүүдө, имараттарды эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон жабдууларды жана курулуш элементтерин монтаждоодо жана (же) орнотууда, приборлорду, аппаратураларды, машиналарды, жабдууларды, транспорттук каражаттарды жана башкаларды техникалык тейлөөдө жана (же) оңдоодо, тиричилик буюмдарын, жеке колдонуучу буюмдарды, кеңсе машиналарын жана эсептегич техниканы техникалык тейлөөдө жана (же) оңдоодо, аналитикалык контролдоо боюнча ишти жана башка жумуштарды аткарууда, ошондой эле социалдык инфратүзүм объекттери үчүн колдонулат.
Ошентип, ченемдөөгө кооптуулуктун I категориясындагы объекттерде түзүлүүчү калдыктар кирет жана калдыктарды пайдалануу, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу аркылуу калдыктар менен иштөөнүн сунушталган жолдорун негиздейт, ошондой эле аларды андан ары пайдалануу, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу максатында башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге өткөрүп берүүнү карайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 357 "Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибине ылайык экологиялык паспорт ишкананын өндүрүшүнүн курчап турган чөйрөгө болгон таасиринин деңгээлин аныктоо, ошондой эле ишкана тарабынан иш жүргүзүү процессинде жаратылыш коргоо ченемдерин жана эрежелерин сактоону контролдоо максатында ишканалар жөнүндө, ишкана тарабынан пайдаланылуучу ресурстар (жаратылыш, экинчи жолу иштетилүүчү жана башкалар) жөнүндө маалыматтар камтылган ченемдик техникалык документ болуп саналат. Экологиялык паспорт калдыктар боюнча кооптуулуктун I жана II категориясындагы чарбалык жана башка иштин объекттери үчүн "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-тиркемесине ылайык иштелип чыгат.
Экологиялык паспорт калдыктардын ар бир түрү боюнча чарбалык иштин объекттеринин калдыктарынын жалпы мүнөздөмөсүн камтыйт, анын ичинде алардын көлөмүн жана пайда болуу булактарын, кооптуу класстарын, физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн, жайгашкан жерлерин, кайра иштетилген жана өткөрүп берилүүчү калдыктардын көлөмүн камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-сентябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыруу үчүн калдыктардын келтирилген тоннасы үчүн 3,24 сом өлчөмүндө төлөмдүн ставкасы бекитилген, ал айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү эсептөөдө пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасы менен айлана-чөйрөнү булгагандык, анын ичинде калдыктардын бардык түрлөрүн түзүү (сактоо, көмүү) үчүн атайын арналган жана (же) ыңгайлаштырылган жерлерге (объекттерге) жайгаштырууну кошкондо айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыруу үчүн төлөмдү алуу тартиби белгиленген.
Калдыктарды жайгаштыруу үчүн төлөм чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан жүргүзүлөт, иш процессинин жүрүшүндө экинчи пайдалануу үчүн колдонулбаган калдыктар пайда болот. Калдыктарды кайра иштетүүгө өткөрүүдө, ошондой эле калдыктарды убактылуу сактоочу жайларга жайгаштырууда акы алынбайт. Атайын бөлүнгөн жайларга калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы квартал сайын жеринде калдыктарды жайгаштыруу фактысы боюнча алынат.
Айрым учурларда чарба жүргүзүүчү субъект айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык органдарга негиздемелерди бергенде, баштапкы маалыматтарды берүүнүн жана төлөмдөрдүн мезгилдүүлүгү жылына 1-2 эсеге чейин кыскарат.
Республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер жана уюмдар төлөмдөрдөн бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы № 389 "Өндүрүш жана керектөө калдыктарын пайдалануунун мамлекеттик программасын жана Калдыктардын мамлекеттик кадастры жана коркунучтуу калдыктарды паспорттоштурууну жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Калдыктардын мамлекеттик кадастры жана коркунучтуу калдыктарды паспорттоштурууну жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык иштердин жүрүшүн үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана паспорттоштуруу аркылуу түзүлүүчү ар кандай түрдөгү калдыктардын чыгышы жана физикалык-химиялык түзүлүштөрү жөнүндө паспорттоштурулган маалыматтарды системалаштырууну регламенттейт. Пайда болгон же кайра иштетилген калдыктардын бардык түрлөрү Кыргыз Республикасында эсепке алынууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуунун (кайра иштетүүнүн) тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуунун (кайра иштетүүнүн) тартиби жөнүндө жобого ылайык продукция жана товарлар (мындан ары - продукция) пайдаланууга же сатууга жараксыз деп таанылган учурда аларды жок кылуунун же кайра иштетүүнүн тартиби аныкталган.
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактар тарабынан өндүрүлгөн, ташып киргизилген, сатып алынган жана сатылуучу бардык продукция техникалык регламенттердин, санитардык, ветеринардык-санитардык, жаратылыш коргоо, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Бракталган продукцияны сатууга тыюу салуу бажылык тариздөө этабында, ошондой эле өндүрүүнүн жана сатуунун жүрүшүндө анын сапатсыздыгын аныктаган орган тарабынан белгиленет. Бракталган продукцияны ташып чыгаруу, жок кылуу, ошондой эле кайра иштетүү технологиясын макулдашуунун зарылдыгы менен байланышкан маселелер атайын комиссиялар тарабынан чечилет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргызстандарт тарабынан улуттук катары кабыл алынган Мамлекеттер аралык стандарттар колдонулат:
- МАСТ 30772-2001 "Ресурстарды үнөмдөө. Калдыктар менен иштөө. Терминдер жана аныктамалар";
- МАСТ 30773-2001 "Ресурстарды үнөмдөө. Калдыктар менен иштөө. Технологиялык циклдин этаптары. Негизги жоболор";
- МАСТ 30775-2001 "Ресурстарды үнөмдөө. Калдыктар менен иштөө. Калдыктарды классификациялоо, идентификациялоо жана коддоштуруу. Негизги жоболор".
Аталган МАСТтар калдыктар менен иштөө жаатындагы терминдерди жана аныктамаларды белгилейт, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын технологиялык циклинин типтүү этаптарын, анын ичинде бракталган, өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон эскирген жана/же пайдалануудан чыгарылган буюмдарды (продукцияны) жок кылууну аныктайт.
Ошол эле учурда өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин максаттарын (мындан ары - максаттуу көрсөткүчтөр) аткарууну мүнөздөгөн товарлардын топтору боюнча калдыктарды өзүнчө жыйноо жана кайра иштетүүнү уюштуруу боюнча максаттуу көрсөткүчтөр белгиленген эмес, ал эми кайра иштетүү ченемдери жок.
Биринчи этапта товарларды таңгактоо, электрондук жана тиричилик техника, батареялар жана аккумуляторлор, шина жана мунай продуктулары (майлар) сыяктуу товарлардын топтору боюнча максаттуу көрсөткүчтөрдү аныктоо максатка ылайыктуу.
Максаттуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча контроль жүргүзүү, максаттуу көрсөткүчтөр аткарылбаган себептерди аныктоо, ошондой эле жалпысынан өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл.
§ 2. Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин аткаруу ыкмаларын өркүндөтүү
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги субъекттери болуп товарларды, анын ичинде таңгактагы товарларды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар, товарларды, таңгактарды өндүрүү үчүн чийки зат катары экинчи материалдык ресурстарды пайдаланган чарбакер субъекттер (мындан ары - утилизаторлор), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экологиялык төлөмдү жыйноону жана башкарууну жүзөгө ашырган, товарларды пайдалануудан алынган калдыктарды кайра иштетүүнү камсыздаган юридикалык жак (мындан ары - экологиялык жыйым боюнча оператор) эсептелет.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтунун уюштуруу түзүмү катышуучулардын өз ара байланышкан укуктарын жана милдеттерин белгилөө менен камсыз кылынууга тийиш, атап айтканда:
- товарларды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар калдыктарды белгиленген ыкмалардын каалагандай жолу менен кайра иштетүүнү камсыз кылат же болбосо экологиялык жыйым төлөйт, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуу боюнча ишти мониторингдөө жана контролдоо максатында түзүүгө сунушталган маалыматтык системага (мындан ары - маалыматтык система) маалыматтарды берет;
- утилизаторлор маалыматтык системага кайра иштетилген калдыктардын кубаттуулугу жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде калдыктарды кайра иштетүүнү жүргүзүү менен байланышкан экологиялык жыйымдын каражаттарын алуу максатында беришет.
Төмөнкүлөрдү аныктоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу максатка ылайыктуу:
төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин органын:
калдыктардын топтору боюнча кайра иштетүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын контролдоо, ошондой эле аларды болжолдоо жана түзөтүү;
калдыктарды кайра иштетүү боюнча технологиялар жана экинчи материалдык ресурстарды кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан субъекттери жөнүндө маалыматтарды жалпылоо;
экологиялык жыйымдын каражаттарын чыгымдоо тартибин аныктоо;
калдыктарды кайра иштетүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын башкаруу жана кайра иштетилген калдыктардын көлөмүн тастыктоо бөлүгүндө өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилиги субъекттери менен өз ара аракеттенүү;
калдыктар менен иштөөнүн кыйла натыйжалуу системасын түзүү боюнча утилизаторлор жана экологиялык жыйым боюнча оператор, катуу коммуналдык калдыктар менен иштөө субъекттери менен өз ара аракеттенүү, анын ичинде калдыктарды өз-өзүнчө топтоо инфраструктурасын түзүү же модернизациялоо;
- төмөнкүлөргө жооптуу болгон экологиялык жыйым операторун:
калдыктарды кайра иштетүү тереңдигинин параметрлерин жана талаптарын белгилөө боюнча сунуштарды даярдоо;
экологиялык жыйымдын каражаттарын чыгымдоо боюнча сунуштарды даярдоо;
экологиялык жыйымдын төлөмдөрүн башкаруу;
жооптуу аткаруу бийлигинин органы тарабынан аныкталган товарларды жана таңгактарды колдонуудан пайда болгон калдыктардын көлөмүн камсыз кылуу.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтунун негизги максаты - бул фискалдык жүк деп саналбайт, бирок кайра иштетилген калдыктардын санын көбөйтүү болуп эсептелет, экологиялык жыйымды төлөөгө караганда калдыктарды иш жүзүндө кайра иштетүү артыкчылыкка ээ болот, калдыктарды өзүнчө топтоо системасын, калдыктарды кайра иштетүү боюнча кубаттуулуктарды түзүүдө товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кызыгуусун камсыз кылуу зарыл.
Өндүрүүчү тарабынан кайра иштетүү ченемдерин иш жүзүндө аткаруусун текшерүүгө жол берген кыйла ыкмасы болуп калдыктарды жыйноо, топтоо жана кайра иштетүү боюнча өзүнүн объекттерин уюштуруу же ишканалар менен түзүлгөн келишимдин негизинде калдыктарды жыйноо, сатып алуу (кайра иштетүү максатында), сатуу жана/же кайра иштетүү аркылуу товар, таңгак өндүрүүчүнүн өзүнүн милдеттенмелерин түздөн-түз аткаруусу эсептелет.
Мында товарларды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кайра иштетүү ченемдерин өз алдынча аткарууну камсыз кылуу максатында ассоциацияларды (бирликтерди) түзүүгө укуктуу.
Ошентип, калдыктарды кайра иштетүү боюнча милдеттенмени аткаруунун төмөнкү варианттарына дем берүү максатка ылайык:
- калдыктарды кайра иштетүүнү өзүнүн өндүрүштүк кубаттуулуктарында же жыйноо, сатуу-сатып алуу жана/же кайра иштетүү (өз алдынча утилдештирүү) боюнча келишим боюнча жүргүзүү;
- экологиялык жыйымды төлөө.
Ошону менен бирге калдыктарды кайра иштетүү боюнча милдеттенменин иш жүзүндө аткарылгандыгын аныктоонун (тастыктоочу) механизмин иштеп чыгуу, ошондой эле товарлардын ар бир тобу, таңгак тобу боюнча калдыктарды кайра иштетүү деп эмне тааныларын регламенттөө зарыл.
Мындан тышкары, айрым калдыктар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн аларды жыйноо, кайра иштетүү боюнча тармактык өзгөчөлүктөрдүн болушуна байланыштуу ченемдик бекитүүнү талап кылат.
Ошол эле учурда товарлардын тийиштүү топторунун жана товарлардын таңгактарынын калдыктарын кайра иштетүү боюнча талаптарды аткарууда кайсы калдыктарды кайра иштетүүдө эсепке алына тургандыгын аныктоо максатында калдыктардын түрлөрү менен товардын таңгагын, товардын түрлөрүн калдыктардын топтору менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү инструментти камсыз кылуу зарыл.
Импорттолуучу товарларга карата калдыктарды кайра иштетүү боюнча талаптардын милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу механизмин караштыруу зарыл.
Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын, таңгактардын тизмеси, анын ичинде таңгактар боюнча позицияларды тактоо бөлүгүндө Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүгө тийиш, ал биринчи кезекте кооптуу материалдарды камтыган, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген, ошондой эле экинчи материалдык ресурс болуп саналган калдыктарды көмүүгө жол бербөө принциптерине негизделиши керек.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтунун механизми рынокко чыгарылган продукцияларды (товарларды, таңгактарды) кайра иштетүү үчүн товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын толук жоопкерчилиги принцибине негизделиши керек. Калдыктар менен иштөөнүн учурдагы ыкмасы "булгоочу төлөйт" принцибине карама-каршы келүүдө жана калдыктардын пайда болушун азайтууга жардам бербейт. Калдыктарды жыйноо жана кайра иштетүү боюнча бардык чыгымдар өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасы аркылуу төлөнүшү керек.
Кайра иштетүү ченеми өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин иш жүзүндө аткаруу көрсөткүчү катары кароо зарыл, ал өндүрүүчү тарабынан өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин өз алдынча аткаруу менен камсыздалат (башкача айтканда кандайдыр бир топтун товарларынын үлүшү, мындан чыккан калдыктар кайра иштетүүгө жиберилет).
Келечекте экологиялык төлөмдүн өлчөмү, эгерде өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин аткарылышын камсыз кылуунун бул ыкмасы тандалса, анда товарлардын бардык топтору боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнө жараша эсептелүүгө тийиш. Азыркы учурда кайра иштетүү ченемдерин өз алдынча аткарууга дем берүү максатында экологиялык жыйымды кайра иштетүүнүн кош ченемине жараша эсептөө максатка ылайыктуу.
Мында калдыктарды кайра иштетүү ченемдерине жетпей калган учурда төлөөгө тийиш болгон экологиялык жыйымдын суммасы калдыктарды кайра иштетүүнүн жетишилген көлөмүнө жана кайра иштетүү ченемдеринин ортосундагы айырмасын эки эсеге көбөйтүү менен эсептелиши керек.
Мындан тышкары аз көлөмдөгү товарларды (таңгакталган товарларды) чыгарган чакан жана орто ишкердик субъекттери болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн кандайдыр бир жөнөкөйлөштүрүүнү карап чыгуу максатка ылайыктуу көрүнөт, мисалы, отчет берүү бөлүгүндө жөнөкөйлөштүрүү аркылуу.
§ 3. Экологиялык жыйымды эсептөө жана чыгымдоо принциптери
Экологиялык жыйымдын ставкаларын эсептөө төмөнкү принциптерге негизделиши керек: тийиштүү товар, таңгак кайра иштетүүгө канчалык кыйын болсо, экологиялык жактан канчалык төмөн болсо, ставка ошончолук жогору болушу керек.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин алкагында милдеттенмелерди аткарууда экологиялык жыйымдын өлчөмүн рынокко ташып киргизилген конкреттүү товардын мүнөздөмөлөрүнө, анын ичинде товардын пайдалануу мөөнөтүнүн узактыгына, аны оңдоо мүмкүндүгүнө, кооптуу заттардын болушуна, кайра пайдаланууга, кайра иштетүү жарамдуулугуна, ошондой эле кайра иштетүү рыногунун абалына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу зарыл.
Бул максат үчүн экологиялык жыйымдын ставкаларын андан ары модуляциялоо үчүн айрым товарлардын, таңгактардын кошумча категорияларын киргизүү зарыл. Мисалы, желимден жасалган таңгактардын ар кандай түрлөрүнө карата (полиэтилентерефталат, полиэтилен, полипропилен, көбүктөлгөн полистирол жана башкалар), таңгактардын конструкцияларына жана таңгактардын түстөрүнө карата экологиялык жыйымдардын ставкаларын жана максаттуу көрсөткүчтөрүн дифференциациялоо зарыл.
Товарлардын жана таңгактардын айрым түрлөрүнө карата аларды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү толугу менен жок болгон жана жеткиликтүү альтернативалар болгон учурда аларды ташып киргизүүгө жана өндүрүүгө тыюу салуу жана башка чектөө чаралары колдонулууга тийиш.
Экологиялык жыйымдын ставкасынын деңгээли калдыктарды кийин кайра иштетүү максатында алар менен иштөө процессинде туруктуулукту камсыздоо үчүн зарыл жана жетиштүү болушу керек. Ошону менен бирге экологиялык жыйымдын ставкаларын эсептөө методикасын ченем менен бекитүү максатка ылайыктуу.
Экинчи чийки заттын нөлдүк мааниге чейин өзгөрүшү мүмкүн болгондуктан, экологиялык жыйымдын ставкасы экинчи чийки заттын баасына карабастан иштөөчү калдыктарды даярдоо системасын колдоого мүмкүндүк бериши керек. Мындай ыкма экинчи материалдык ресурстарды жеткирүү чынжырчасын түзүүнүн негизги элементи катары калдыктарды өзүнчө топтоо боюнча ишке дем берүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Экологиялык жыйымдардын ставкаларын эсептөөдө эксплуатациялык чыгымдар (өзүнчө топтоого кеткен чыгымдар, чогултуу жана ташууга кеткен чыгымдар, иштетүүгө кеткен чыгымдар) жана инвестициялык чыгымдар (калдыктар менен иштөө боюнча инфраструктураны түзүүгө кеткен чыгымдар) эске алынууга тийиш. Тиешелүү түрдө товарлардын белгилүү бир тобу үчүн калдыктарды иштетүү жана кайра иштетүү боюнча кубаттуулуктардын жетиштүү саны болгон учурда инвестициялык түзүүчүнүн чоңдугу нөлгө умтулууга тийиш.
Экологиялык жыйымдын каражаттарынын чыгымдалышы экинчи материалдык ресурстарды алууну жана калдыктарды өзүнчө топтоо, чогултуу, ташуу, иштетүү, кайра иштетүү сыяктуу бүтүндөй чынжырча боюнча аларды чарбалык жүгүртүүгө кайтарууну камсыз кылуу үчүн экономикалык шарттарды түзүүнү камсыздоого, ошондой эле максаттуу көрсөткүчтөрдүн белгиленген маанилерин аткарууну камсыз кылуучу калдыктарды өзүнчө топтоо, чогултуу, иштетүү, кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүнү моделдөөнүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш (анын ичинде иштетүүнүн жана кайра иштетүүнүн зарыл болгон тереңдигин эске алуу менен).
Калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча туруктуу инфраструктураны түзүлгөндөн кийин калдыктардын айрым түрлөрү боюнча кошумча колдоо талап кылынбайт. Ошол эле учурда кээ бир калдыктар үчүн инфратүзүмдөр жана тиешелүү кубаттуулуктар болгон учурда да алынган экинчи материалдык ресурстардын наркы аларды алууга кеткен чыгымдардан төмөн бойдон кала берет жана белгилүү бир деңгээлдеги колдоо сакталып калууга тийиш.
Кайра иштетүү өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин алкагында камсыз кылынууга тийиш болгон калдыктар негизинен калк тарабынан түзүлөөрүн эске алып, келечекте катуу коммуналдык калдыктарды өзүнчө топтоо, чогултуу, иштетүү боюнча иш өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги механизминин эсебинен каржыланууга тийиш, бул катуу коммуналдык калдыктар менен иштөө боюнча тарифтердин өсүү темпин чектөөгө мүмкүндүк берет.
§ 4. Таңгактарды жана таңгактоо калдыктарды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
Эксперттик баалоолор боюнча катуу коммуналдык калдыктардын 50%га жакынын таңгактардын калдыктары түзөт, ошол эле учурда таңгактын көлөмү мындан ары көбөйөт, анын ичинде электрондук коммерцияны жана жеткирүү сервистерин активдүү өнүктүрүүгө байланыштуу эсебинен көбөйөт.
Демек, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги механизминин катуу коммуналдык калдыктар менен иштөө чөйрөсүнө ылайыктуу негизги максаты таңгактардын калдыктарын чарбалык жүгүртүүгө кайтаруу болуп саналат.
Таңгактоо негизинен кыска колдонуу циклине ээ жана көбүнчө бир жолу пайдаланууну болжолдойт. Ошол эле учурда таңгакта кайра иштетүүгө жарактуу материалдардын жогорку үлүшү бар, бул аны толук кайра иштетүүнүн зарылдыгын аныктайт.
Ошону менен бирге таңгактоого карата мыйзамдардын колдонулуп жаткан талаптары пайдаланылган таңгакты жүгүртүүдө максималдуу пайдалануу боюнча коюлган милдетке жооп бербейт жана кайра карап чыгууну талап кылат.
Мындан тышкары таңгактын ар кандай түрлөрү үчүн ар кандай деңгээлдеги кайра иштетүү ченемдерин белгилөө таңгактоочу материалдардын ортосундагы атаандаштыкка аны экологиялаштыруу жагына таасирин тийгизет. Баяндалгандарды, ошондой эле таңгактардын калдыктары көмүлгөн учурда айлана-чөйрө үчүн терс кесепеттерди эске алуу менен таңгактардын калдыктарын кайра иштетүү үчүн жоопкерчиликти жүгүртүүгө чыгарылган таңгактардын санына барабар өлчөмдө аныктоо максатка ылайыктуу. Таңгактардын түрлөрүнүн ар түрдүүлүгүн, ошондой эле аны өндүрүүнүн ар кандай технологияларын эске алуу менен калдыктардын башка түрлөрүнүн эсебинен кайра иштетүү боюнча милдеттердин аткарылышын эсепке алуу мүмкүндүгүсүз таңгак калдыктарын кайра иштетүүнү камсыз кылуу зарыл. Бул ыкма таңгакталган товарларды өндүрүүчүлөргө, импорттоочуларга айлана-чөйрөгө азыраак зыян келтирүүчү жана кайра пайдаланылышы мүмкүн болгон "экологиялык" таңгактарды, биологиялык ажыроочу (компост боло турган) материалдардан жасалган таңгактарды пайдаланууга дем берет.
Ошону менен таңгактардын кээ бир түрлөрү чындыгында өз алдынча товар болуп саналат жана таңгак (баштыктар, фольга, стакандар, стретч-пленка ж.б.) катары идентификацияланбашы керек жана ар кандай максаттарда сатылат (чекене соодада же коомдук тамактануу жайларында ага товарларды жайгаштыруу, товарларды жеткирүү үчүн ж.б.).
Мындай таңгактарга карата аны пайдалануунун өзгөчөлүгүн жана аны пайдаланууну бардык чекене тармактардагы ишканалар, жеткирүү кызматтары тарабынан башкаруунун практикалык кыйынчылыктарын эске алуу менен эл аралык тажрыйбага ылайык аны кайра иштетүү үчүн жоопкерчиликти аны өндүрүүчүлөргө жүктөө маселесин кароо максатка ылайыктуу. Ошол эле учурда таңгактардын жана таңгактоочу материалдардын мындай түрлөрүнүн тизмегин ченемдик жактан бекитүү зарыл.
Таңгактагы товарлар импорттолгон учурда жоопкерчиликти бардык учурда товарды импорттоочу тартышы керек. Кээ бир учурларда таңгактарды өндүрүүчү компаниялар менен импорттоочулардын ортосунда, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн таңгактарды өндүрүүчү компаниялар менен импорттоочулардын ортосунда атаандаштыктын бирдей эмес шарттарынын түзүлүү тобокелдиги бар, анткени импорттолуучу товар үчүн таңгакты өндүрүүчү Кыргыз Республикасында өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин субъекти болбойт. Ошол эле учурда товарларды импорттоодо товардын таңгагы тууралуу деталдуу маалыматты көрсөтүү талабын ченемдик жактан бекитүү зарыл (азыркы учурда бажы декларациясында таңгакты тибине жана салмакка бөлбөстөн анын түрү гана көрсөтүлөт).
Мындан тышкары өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасына кайра иштетүү боюнча өз алдынча максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилөө менен комбинацияланган таңгакты кайра иштетүү үчүн жоопкерчиликти киргизүү зарыл. Мындай таңгактарга карата эреже катары экологиялык жыйымдын жогорку ставкасы белгиленет, бул болсо таңгактын мындай түрү дал ушул кайра иштетүү бөлүгүндө татаалыраак экендиги менен шартталган.
§ 5. Товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүү боюнча милдеттенмелерди аткарууну контролдоо жана башкаруу
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун натыйжалуу башкаруу максатында, анын ичинде өндүрүлгөн товарлардын жана таңгактын максималдуу "экологиялуулугун" камсыз кылуу, калдыктарды кайра иштетүү боюнча кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана модернизациялоо, калдыктарды кайра иштетүү боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү баалоо, калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө пайдаланууну талаптагыдай контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүгүндө башкаруунун ачык-айкын системасын түзүү зарыл.
Ишенимдүү, оперативдүү, объективдүү жана верификацияланган маалыматты "Түндүк" маалыматтык системасын эксплуатациялоо жана анын иштеп жаткан маалыматтык системалар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу аркылуу, анын ичинде аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тарткан өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин субъекттерин аныктоодо административдик таасир этүү чараларын колдонуу максатында алууга болот.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин талаптарына туура келген өндүрүлгөн товарлардын жана таңгактардын саны жөнүндө так маалыматты мындай товарларды өндүрүү, аларды бухгалтердик эсепке алуу, ошондой эле өндүрүлгөн продукциянын саны жөнүндө статистикалык маалыматты жөнөтүү стадиясында гана алууга болот.
Калдыктар жөнүндө, калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуу боюнча негизги технологиялык жабдуулардын кубаттуулуктарынын болушу жөнүндө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтарды камтыган товарларды пайдалануудан келип чыккан калдыктарды эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык системасын түзүү зарыл. Ошондой эле аталган системанын операторун аныктоо керек.
Жөнгө салуу системасын өзгөртүүчү сунушталып жаткан өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүүнү эске алуу менен коммуналдык калдыктарды эсепке алуунун мамлекеттик маалыматтык системасы менен интеграцияланууга (бириктирилүүгө) тийиш болгон маалыматтык системаны түзүүнү камсыз кылуу зарыл, ошондой эле маалыматтык системанын башка мамлекеттик маалыматтык системалар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү да камсыз кылынууга тийиш.
Маалыматтык система өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги иш-аракетине туура келген товарды өндүрүү, таңгактоо фактысына байкоо жүргүзүүгө тийиш, ошондой эле оператордун аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тармактык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар, катуу коммуналдык калдыктар менен иштөө боюнча операторлор менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга тийиш.
Калдыктарды кайра иштетүү фактысы калдыктар менен иштөөнүн ар кандай этаптарында калдыктар менен иштөө процессинин бардык катышуучулары тарабынан төмөнкүдөй маалыматтарды киргизүү аркылуу маалыматтык системада ырасталууга тийиш: топтолгон, өзүнчө топтолгон, иштетилген жана кайра иштетилген калдыктардын саны тууралуу, өндүрүлгөн товар жөнүндө маалыматтарды кайра иштетилген калдыктар менен салыштыруу аркылуу товарды өндүрүүдө алынган продукциянын жана пайдаланылган экинчи чийки заттын саны жөнүндө.
Маалыматтык системада төмөнкү реестрлерди түзүү жана киргизүү максатка ылайыктуу:
- таңгактардын жана таңгактоо материалдарынын тизмегинин реестрин;
- товарларды, таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын реестрин;
- утилдештирүүчүлөрдүн реестрин, анын ичинде кубаттуулуктар тууралуу маалыматтарды;
- калдыктарды өзүнчө топтоо жана чогултуу жайларынын, ошондой эле калдыктарды иштетүүнүн объекттеринин реестрин.
Кайра иштетүү көрсөтүлгөн товарларды жана таңгакты кайра иштетүү боюнча милдеттерди аткарууда эсепке алынуучу өндүрүлгөн жана импорттолгон товарларды, калдыктар менен таңгактарды салыштырууну камсыз кылуу максатында товарлардын жана таңгактын жана калдыктардын коддорунун конверторун түзүүнү кароо керек.
Калдыктарды кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуу максатында, маалыматтык системада алардын болгон кубаттуулуктарын, кайра иштетилген калдыктардын көлөмүн көрсөтүү менен утилдештирүүчүлөрдүн жеке номери боюнча каттоо, ошондой эле калдыктарды алар тууралуу маалыматтары маалыматтык системага киргизилген утилдештирүүчүлөр аркылуу гана кайра иштетүү мүмкүндүгүн ченемдик жактан бекитүү зарыл, мында бул тууралуу маалыматтар маалыматтык системага киргизилген болот.
Таңгакталган товарларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан таңгактарга карата калдыктарды кайра иштетүү боюнча милдеттерин аткарууну камсыз кылуу максатында таңгактары тууралуу маалыматтар маалыматтык системасына киргизилген мындай товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу тууралуу талапты мыйзамдар менен бекемдөө зарыл.
Мындан тышкары маалыматтык системасынын операторунун функцияларынын экологиялык оператор тарабынан жүргүзүлүшү максатка ылайыктуу.
Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин башкарууну өркүндөтүүнүн алкагында төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу зарыл:
- өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин аткаруунун отчеттук мезгили катары товар өндүрүлгөн же ал Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген жарым жылдыктан кийинки жарым жылдыкты аныктоо менен жылына кеминде эки жолудан кем эмес отчеттук документтерди берүүнү белгилөөнү;
- товарларды, таңгактарды өндүрүүчүлөр үчүн кайра иштетүү ченемдерин аткаруу милдеттеринин келип чыгышын - жүгүртүүгө чыгарылган (өндүргөн), импорттоочулар үчүн - импорттолгон (Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн) учурдан тартып аныктоону;
- отчеттук документтерди маалыматтык системага электрондук түрдө гана берүү мүмкүндүгүн белгилөөнү;
- калдыктарды кайра иштетүү боюнча маалыматты түзүү жана маалыматтык системада каттоо, экинчи материалдык ресурстарды эсепке алуу журналын электрондук түрдө мүмкүндүгүн кароо;
- отчеттуулукту берген учурда, анын ичинде маалыматтык системада бузуулар аныкталган учурда текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин, мөөнөттөрүн жана негиздерин тактоону.
Товарларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар жана утилдештирүүчүлөр тарабынан берилген маалыматтарды верификациялоону камсыз кылуу максатында ар кандай түрдөгү статистикалык отчеттуулукту (чыгашалар боюнча, өндүрүлгөн продукция, калдыктар менен иштөө боюнча), импорттолуучу товарларга карата Кыргыз Республикасынын статистика жана бажы органдарына берилүүчү маалыматтарды, ошондой эле таңгактарды өндүрүү жана сатуу жөнүндө маалыматтарды да пайдалануу максатка ылайыктуу.
Операторго калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү тууралуу анык эмес маалымат берүү фактылары аныкталган учурда мындай уюмдарга административдик таасир этүү чаралары көрүлүүгө, ошондой эле утилдештирүүчүлөр экологиялык жыйымдын каражаттарын алуу мүмкүндүгүнөн ажыратылууга тийиш. Маалыматтык системанын алкагында мындай ак ниетсиз утилдештирүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүү зарыл.
§ 6. Товарларды, таңгакты пайдалануудан келип чыккан калдыктарды кайра иштетүүгө дем берүү боюнча чаралар
Экинчи чийки затты же продукцияны алуу максатында кайра иштетүүгө жиберилген калдыктардын (товарларды жана/же таңгактарды) санын көбөйтүүгө, ошондой эле мындай чийки затка жана продукцияга суроо-талапты жаратууга төмөнкүлөр шарт түзөт:
- товарларды жана таңгакты өндүрүү жана сатуу стадиясында:
экинчи чийки заттын белгилүү бир үлүшүн пайдалануу менен өндүрүлгөн таңгактарды пайдалануу милдетин белгилөө;
кайра иштетүүгө дээрлик мүмкүн болбогондугуна байланыштуу кайра иштетилүүгө тийиш болбогон же калдыктардан начар алынган товарлардын жана таңгактардын белгилүү бир түрлөрүн пайдаланууга түздөн-түз тыюу салуу;
товарларды жана таңгактарды өндүрүүдө пайдаланылган материалдардын кайра иштетүүгө (товарлардын жана таңгактардын циклдүүлүгү) жарактуулугун мүнөздөгөн критерийлерди белгилөө жана мындай критерийлерди эске алуу менен экологиялык жыйымдын ставкаларын дифференциациялоо;
кайра иштетилүүчү калдыктарга жакын топтордун эсебинен кайра иштетүүгө кыйын калдыктарды кайра иштетүүнү эсепке алууга жол берилбестиги;
маалыматтык системанын базасында товарларды, анын ичинде экинчи чийки заттан өндүрүлгөндөрдү өндүрүү технологиялары жөнүндө маалыматтарды камтыган жана сатып алуулар системасы менен интеграцияланган электрондук каталогду түзүү, бул товарларды жана таңгактарды өндүрүүдө пайдаланылуучу материалдардын кайра иштетүүгө жарактуулугун мүнөздөгөн критерийлерди белгилөөдө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
экинчи чийки затты пайдалануу менен рынокко технологияларды жана продукцияны киргизүүнү камсыз кылуу үчүн колдонуудагы ченемдик-техникалык документтерди, курулуш ченемдерин жана эрежелерин кайра карап чыгуу жана түзүү;
соода тармактары үчүн кайра иштетүүгө жарактуу материалдардан, анын ичинде биологиялык ажыроочу материалдардан кайра иштетилбей турган/кайра иштетүүгө кыйын болгон таңгакка карата белгилүү бир үлүштө, же болбосо экинчи чийки заттарды камтыган материалдардан өндүрүлгөн таңгактарды акырындык менен соода залдарында жүгүртүүгө киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
калдыктарды жайгаштыруу учурунда айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизгендиги үчүн төлөө ставкаларын жогорулатуу;
- калдыктарды топтоону жана чогултууну уюштуруу стадиясында:
калдыктарды чогултуу, өзүнчө топтоо үчүн жайларды, анын ичинде соода, коомдук, ишкердик, билим берүү, маданият, спорт жана башка мейкиндиктерде түзүү жана жабдуу үчүн экологиялык жыйымдын каражаттарын пайдалануу;
соода жайларында жана башка жайларда калдыктарды топтоого жана чогултууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү;
калдыктардын өзүнчө чогултулган түрлөрүн, топторун аралаштырууга тыюу салуу жана мындай тыюу салууну бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти белгилөө;
калдыктарды өзүнчө топтоону, анын ичинде турак жай-коммуналдык сектордо топтоону уюштуруунун тартибин өркүндөтүү.
Калдыктарды өзүнчө топтоо жана чогултуу системасын өнүктүрүү (кабыл алуу-даярдоо пункттарын ачуу, фандоматтар), санариптик платформаларды жана сервистерди ишке киргизүү товарларды сарамжалдуу пайдалануунун заманбап жүрүм-турумдук үлгүлөрүн калыптандырууга мүмкүндүк берет. Утилдештирүүчүлөр тарабынан товарларды пайдалануудан келип чыккан сапаттуу булганбаган калдыктарга туруктуу суроо-талаптын болушу экинчи чийки затты даярдоочулардын ишине кошумча дем берет.
Жарандардын калдыктарды өзүнчө топтоого катышууга кызыгуусун жогорулатууга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аткаруу бийлигинин органдарынын калдыктар менен иштөө системасы жөнүндө маалымдалуу деңгээлин жогорулатуу аркылуу жетишилет.
5-глава. Концепцияны ишке ашыруунун этаптары
Концепцияны ишке ашыруу төмөнкү этаптарды камтууга тийиш:
- Концепциянын жоболорун ишке ашыруу максатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- калдыктардын айрым топторуна карата чогултуунун жана кайра иштетүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн негиздөө жана эсептөө;
- Концепциянын жоболорун эске алуу менен калдыктарды кайра иштетүү ченемдерин жана экологиялык жыйымдын ставкасын белгилөө, ошондой эле экологиялык жыйымдын каражаттарын чыгымдоо тартибин аныктоо;
- Концепциянын жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуучу маалыматтык системаны түзүү.
6-глава. Концепцияны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар
Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыгында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилет:
- экинчи материалдык чарбалык жүгүртүүгө кайтарылышы жана көмүүгө жөнөтүлгөн калдыктардын көлөмүнүн кыскарышы;
- товарлардын бүткүл колдонуу циклинде экологиялык талаптарды эсепке алуу, кайра иштетилбеген материалдардан товарды, таңгакты өндүрүүнү кыскартуу;
- кайра иштетилүүчү товарларды жана таңгактарды пайдаланууга дем берүүчү жана калдыктарды өзүнчө топтоо, чогултуу, иштетүү жана кайра иштетүү боюнча кубаттуулуктарды түзүүгө инвестицияларды кайтаруу кепилдигин берүүчү механизмдерди түзүү;
- пайда болгон калдыктардын иш жүзүндөгү санынын кыскарышына жана аларды топтоо ченемдеринин төмөндөшүнө байланыштуу катуу коммуналдык калдыктар менен иштөө төлөмдөрүн азайтуу;
- калдыктарды өзүнчө топтоо боюнча ыңгайлуу инфраструктураны түзүү жана калдыктарды кайра иштетүү деңгээлин жогорулатуу;
- бардык кызыкдар болгон тараптарды калдыктарды өзүнчө топтоого, чогултууга, иштетүүгө жана кайра иштетүүгө тартуу жана калдыктар менен иштөөнүн туруктуу системасын түзүү, ошондой эле калдыктарды өзүнчө топтоо, чогултуу, иштетүү жана кайра иштетүү боюнча иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактардын санын жогорулатуу;
- продукцияны өндүрүүдө экинчи чийки затты пайдалануунун көлөмүн көбөйтүү жана тиешелүү түрдө баштапкы чийки затты пайдалануунун көлөмүн төмөндөтүү;
- экономиканын туюк циклине өтүүнү жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү.