КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 700
Кыргыз Республикасында Жусуп Баласагын күнүн белгилөө жөнүндө
Улуу ойчул жана акын Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана популярдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 21-сентябрь Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү болуп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |