Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын

 

2024-жыл 20-март №9

 

“Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылдын он айына карата түзүлгөн иш планын бекитүү”

          Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылдын он айына карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Акматова Жаңылбүбү Токтосуновнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

 

Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Каргалык айылдык кеңешинин 2024-жылдын он айына карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2.    Айылдык кеңештин 2024-жылдын он айына карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык Кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөргө ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.    

3.    Айылдык Кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлоруна жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

4.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

5.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

6.    Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Р.Мамбеталиевага тапшырылсын.

 

 

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.И.Токтоболотов

 

 

Бекитем

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы ___________Т.И.Токтоболотов

Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги III cессиясынын № 9- токтомуна тиркеме

20- март 2024-жыл

 

2024-жылдын он айына карата түзүлгөн Каргалык айылдык кеңешинин иш планы

№

Туруктуу комиссиянын отуруму,

 сессия

    ТК отуруму,

  сессия

 

         Каралуучу маселелер

Айыл өкмөтүнөн аткаруучу жооптуу адам

Аталган маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы

        

         

           Натыйжа

Жарандардын ЖӨБга катышуусунун формалары (“ЖӨБ  ж-дө” КР Мыйза-нын 7-беренеси)

1

Айылдык кенештин

сессиясы

2-квартал

апрель

 

 

 

 

 

май

 

 

1. 2024-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программаны бекитүү

 

 

 

2.Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларына отчету менен чыгуу жана жыйынтыгы боюнча маалыматын угуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистери менен

 

 

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы жана кеңештин

депутаттары

 

Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы

 

Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер б-ча турук ком-сы

 

 

Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу

 катчыга дайындоо

 

АК сессияларына

жарандардын жана башка кызыктар адамдардын катышуусу

 

 

     Айылдык     

     кеңештин

     сессиясы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-кварт.

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Каргалык айыл аймагынын 2024-жылга жайыт акыларын жана келишимдерин кайра карап чыгып бекитүү.

 

4. - Жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктардын жүрүшү, айыл чарба шаймандарынын техникалык абалы жөнүндө «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин маалыматын угуу,

 

 

1. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча айыл өкмөт башчысынын жана ФЭБдин отчету.

 

 

2.Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу.Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу.

 

 

 

3. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп, бала-бакча, клуб жана китепканалардын күзгү- кышкы мезгилге жылытуу системаларынын даярдыгы боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуу жөнүндө.

 

 

 

 

 

4. “МТС” муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери тууралуу маалымат алуу жана күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу жетекчисинин маалыматын угуу.

 

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

 

 

 

Айыл өкмөт

башчысынын

орун басары,

«МТС»  муници-дык ишкана-нын  жетекчиси

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы

 

 

 

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы

 

 

 

 

 

Айыл өкмөт

башчысы, ФЭБ башчысы, мектеп, бала бакча-дын директор-у, клуб, китепкана

нын башчылары

 

 

 

 

 

 

 

Айыл өкмөт

башчысы

нын

орун басары,

«МТС»  муници-к  ишка-ын  жете-иси

 

 

 

Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы

            -//-

 

Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы

 

        -//-

 

 

 

 

Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызык

чылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер б-ча турук ком-сы

 

 

 

Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча тур. комиссиясы

 

 

 

Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу

 катчыга дайындоо

 

АК сессияларына

жарандардын жана башка кызыктар

адамдардын

катышуусу

 

 

 

Айылдык кеңештин

сессиясы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-квартал

 

 

 

      

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыттар боюнча алты ай ичинде аткарылган иштери тууралуу маалыматын алуу.

 

 

6.“Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын 2022-2023-жылдагы токтомдордун аткарылышы тууралуу, 2023-2024-жылдары жүргүзүп жаткан иштери жана убактылуу калдык сактоочу жай боюнча депутаттар менен биргеликте жеринен барып маалымат алуу.

 

 

 

 

 

7.“Таза кызмат” МИнын 2024-жылдын алты айында жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын угуу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1. Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү.

 

 

 

 

 

 

2. АКтин депутаттарынын, АӨнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандарды жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо жөнүндө.

 

 

 

 

3. “Каргалык МТС” муниципалдык ишканасынын жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат алуу

 

4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттар боюнча жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу маалыматын угуу.

5. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө.

 

6. Каргалык айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү

 

Айыл / өкмөт башчысы, жайыттын жетек-си

 

 

 

 

 

 

 

 

А/өкмөт баш-сы, юристи,

“Макмал Голд Компани” ЖЧК-н жетекчиси, эколог, тиешелүү органдар.

 

 

Айыл / өкмөт башчысы тиешелүү адистери менен,

“Таза кызмат” МИнын жетек-си

 

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы, ФЭБ башчысы

 

 

 

 

 

АӨнүн башчысы, АКнын төрагасы, туруктуу комиссия-дын төрагалары

 

Айыл/ө орун бас,

“МТСтин” жет-си.

Жайыт ком-нин төрагасы.

 

Айылдык кеңе-нин төр.орун басары, туруктуу ком-дын төрагалары, айылдык кеңештин жооп. кат.

     

Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча тур. комиссиясы

 

Өнөр-жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура маселелери боюнча тур. комиссиясы

 

 

 

Өнөр-жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура маселелери боюнча тур. комиссиясы

 

 

 

 

Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы

 

 

 

Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо б-ча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият ж-а социалдык маселелер б-ча

тур.  комиссия

 

Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча тур. комиссиясы

 

Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары

 

 

 

 

 

 

 

 

Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу

 катчыга дайындоо

 

 

 

 

 

АК сессияларына

жарандардын жана

башка кызыктар

адамдардын

катышуусу

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин

Жооптуу катчысы:

 

 

Ж.Акматова