Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 694
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын:
"15) маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта (анын ичинде Интернет тармагында) балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.";
- 10-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү, балдар арасында жайылтууга тыюу салынган маалыматтын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана (же) маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде Интернет тармагын) колдонуу менен жайылтылышын контролдойт;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ