КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 20-март №14
“Каргалык айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын төрагасына жана төрагасынын орун басарына төлөнүүчү эмгек акы жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамына ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 40-41 беренелерине ылайык айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына эмгек акы төлөнүп берилсин.
2. Бул боюнча иш алып баруу Каргалык айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Р.Түмөнбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk. gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов |