Редакцияот 20.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕКИТЕМ:

Каргалык айылдык кеңешинин

төрагасы_____Т.И. Токтоболотов

Каргалык айылдык кеңешинин кезексиз

III сессиясынын №12 токтомуна тиркеме

20-март 2024-жыл

 

“Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн убактылуу жобосу”

1.     Жалпы жоболор

1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ушул Убактылуу типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.

2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары, банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.

Айыл өкмөтүнүн расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү”.

- расмий тилде: «Айыл өкмөт Каргалыкского айылного аймака».

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Ж.Акимбаев көчөсү, №81.

4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.

6. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

2.     Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

7. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

8. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

9. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

10. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

11. Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.

3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү

12. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

14. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

15. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбөөгө тийиш.

16. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

17. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

18. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

5. Корутунду жоболор

19. Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.

 

Каргалык  айыл аймагынын

Айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу

 

 

А.Т. Жарбашов