Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 99/20-5
Токмок шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде бир балага ата-энелердин салымынын суммасын жогорулатууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 19-декабрындагы №1-22/2715 катын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин биргелешкен экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча жана социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2022-жылдын 26-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бир балага ата-эненин салымы 100,0 сомго чейинки өлчөмүндө жогорулатууга макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги №56/9-3 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча жана социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |