Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин IV- чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы

 

2024-жылдын 6-марты № 75

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ» №370 Жарлыгын жана 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу Жобону бекитүү тууралуу» №24  Жарлыгын аткарууга алуу жѳнүндѳ.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Айдаркен шаардык кеңеши

                                                             ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1.     Айдаркен шаардык мэриясынын Жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 6-мартындагы № 01-25/77 буйругунун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

 

2.     Мекеме Кыргыз Республикасынын иштѳѳдѳгү мыйзамдарына ылайык Баткен облустук Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрүлсүн.

 

3.     Айдаркен шаардык кеңешинин жооптуу катчысы юридикалык жак катары кайра каттоо үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон ѳткѳрсүн.

 

4.     Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

5.     Токтомдо кѳрсѳтүлгѳн маалыматтардын-ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

 

Төрага

А.К.Кожомбердиев