Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык Кенешинин IV- чакырылышынын кезексиз 32-сессиясы

 

2024-жылдын 6-марты № 76

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ» №370 Жарлыгын жана 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу Жобону бекитүү тууралуу» №24  Жарлыгын аткарууга алуу жѳнүндѳ.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Айдаркен шаардык кеңеши

                                                             ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жѳнүндѳ» №370 Жарлыгына жана 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу Жобону бекитүү тууралуу» №24  Жарлыгына ылайык Айдаркен шаардык кеңешинин сандык курамы ѳзгѳргѳндүгүнѳ негиз Айдаркен шаардык кеңешинин Регламенти кайрадан бекитилсин.

 

2.    Токтомдун аткарылышын жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

3.    Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

 

 

 

Төрага

А.К.Кожомбердиев