Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 711
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу жаатында даярдоонун бирдиктүү системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 315 "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жободо:
- 5-пунктта:
"б" пунктчанын биринчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
"б" пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелери боюнча калкка маалымдоо үчүн шарттарды түзөт;";
"в" пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелери боюнча калкка маалымдоо үчүн шарттарды түзөт;";
- 6-пункттун "а" пунктчасында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
1-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Окутулууга тийиш болгон кызмат адамдарынын ТИЗМЕГИ
№ | Кызмат адамдарынын тизмеги | Узактыгы (саат) | Мезгилдүүлүгү |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык коргонуу боюнча милдеттер жүктөлгөн кызмат адамдары | 5 | жылына 1 жолу |
2 | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун Жарандык коргонуунун начальниктери жана алардын орун басарлары | 5 | жылына 1 жолу |
3 | Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун Жарандык коргонуу боюнча милдеттерди аткарган (кызмат ордуна дайындалганда) башкы жана жетектөөчү адистери | 21 | жылына 1 жолу |
4 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуунун начальниктери | 6 | жылына 1 жолу |
5 | Облустардын, райондордун (шаарлардын) эвакуациялык комиссияларынын төрагалары | 6 | жылына 1 жолу |
6 | Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарынын начальниктери | 6 | жылына 1 жолу |
7 | Жарандык коргонуунун республикалык кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
8 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
9 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
10 | Облустук маанидеги шаарлардын Жарандык коргонуунун начальниктери жана алардын орун басарлары (анын ичинде Жарандык коргонуу комиссияларынын төрагалары) | 7 | жылына 1 жолу |
11 | Райондук маанидеги шаарлардын жана райондордун Жарандык коргонуунун начальниктери (анын ичинде Жарандык коргонуу комиссияларынын төрагалары) | 7 | жылына 1 жолу |
12 | Шаарлардын (райондук маанидеги) жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
13 | Шаарлардын (райондук маанидеги) жана райондордун Жарандык коргонуу кызматтарынын штабдарынын начальниктери | 21 | жылына 1 жолу |
14 | Айыл аймактарынын Жарандык коргонуунун начальниктери | 14 | жылына 1 жолу |
15 | Уюмдардын Жарандык коргонуунун начальниктери, бириктирилген командалардын жана механизацияланган отряддардын командирлери | 7 | жылына 1 жолу |
16 | Жалпы багыттагы (анын ичинде жогорку даярдыктагы) Жарандык коргонуунун аймактык түзүмдөрүнүн командирлери | 21 | жылына 1 жолу |
17 | Лабораториялык контролдоо жана байкоо тармактарынын республикалык, облустук, шаардык мекемелеринин начальниктери | 14 | жылына 1 жолу |
18 | Жарандык коргонуунун атайын мүлкүн узакка сактоочу кампаларынын башчылары жана химиялык, өрттөнүү-жарылуу коркунучу бар чарба объекттеринин диспетчерлери | 7 | жылына 1 жолу |
19 | Жогорку окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" дисциплинасынын окутуучулары, жалпы билим берүү уюмдарынын "Турмуш-тиричиликтин коопсуздугунун негиздери" курсунун окутуучулары методисттери | 21 | жылына 1 жолу |
20 | Жергиликтүү кеңештердин төрагалары, депутаттары, айыл башчылары | 14 | жылына 1 жолу |
21 | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын аппаратынын Жарандык коргонуу боюнча милдеттер жүктөлгөн кызмат адамдары | 14 | жылына 1 жолу |
22 | Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчилери | 7 | жылына 1 жолу |
23 | Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчилеринин орун басарлары | 14 | жылына 1 жолу |
24 | Облустардын, шаарлардын жана райондордун Жарандык коргонуу боюнча комиссияларынын катчылары | 21 | жылына 1 жолу |
25 | Облустардын, шаарлардын жана райондордун эвакуациялоо комиссияларынын катчылары | 21 | жылына 1 жолу |
26 | Айыл аймактарындагы Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу кызматкерлер | 21 | жылына 1 жолу |
27 | Жогорку окуу жайларынын жетекчилери (менчигинин түрүнө карабастан) | 7 | жылына 1 жолу |
28 | Орто атайын окуу жайларынын жетекчилери (менчигинин түрүнө карабастан) | 7 | жылына 1 жолу |
29 | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат өтөө белгиленген мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары | 7 | жылына 1 жолу |
Эскертүү:
Жарандык коргонуу жаатында иш милдеттерин аткарууга байланыштуу кызмат ордуна жаңыдан дайындалган адамдар үчүн иштин биринчи жылында Жарандык коргонуу жаатында окуудан өтүү милдеттүү болуп саналат.".